Акыркы макалалар

Абайлагыла! WhatsApp тиркемесинин жасалма версиясы тарап кетти

Абайлагыла! WhatsApp тиркемесинин жасалма версиясы тарап кетти

Тиркеменин жаңы мүмкүнчүлүктөрү көбүррөк болгондуктан аны миңдеген адамдар колдонууда

Malwarebytes Labs изилдөө компаниясы WhatsApp мобилдик тиркемесинин жасалма версиясын таап чыкты, анын жардамы менен өздүк маалыматтарды уурдоого мүмкүн. Бул тууралуу аталган компаниянын сайтында жарыяланды.

Жасалма тиркеме көбүрөөк жаңы мүмкүнчүлүктөрү менен чыккандыктан кеңири тарап кетип, миңдеген адамдар пайдаланууда. Себеби бир учурда төрт номер менен кирүүгө болот. Андан сырткары, башкалардан келген билдирүүлөрүнүн окулгандыгын жана жазып жаткандыгын жашырууга мүмкүн.

Ал тиркемени колдонгондордун өздүк маалыматтарын жаман ойлуулар уурдап жатат.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...