Акыркы макалалар

Атаандаштыктан улам атамекендик товарлар артка кайтарылып жатабы?

Атаандаштыктан улам атамекендик товарлар артка кайтарылып жатабы?

Евразия экономикалык биримдикке чыккан продукциялар артка кайтарылып жатат. Мындай көрүнүш акыркы үч айдан бери күчөгөнүн өндүрүүчүлөр ассоциациясы айтып чыкты.

Кыргызстандагы өндүрүүчүлөр жана дистрибьюторлор бирикмеси Евразия экономикалык биримдиктин рыногуна жөнөтүлгөн товарлар артка кайтарылып жатканына коңгуроо кагууда. Бул маселени аталган бирикменин президенти Гүлнара Үскөнбаева Бизнести өнүктүрүү жана инвестиция боюнча кеңештин жыйынында көтөрүп чыкты. Анда акыркы үч айдан бери Орусия менен Казакстан тараптан мындай окуялар көп катталганын белгиледи. Негизги айып ЕАЭБдин техникалык регламенттери сакталбаганына коюлууда. Ал бүгүнкү күнү ишкерлерде эреженин так үлгүсү жок экенин айтты.

—Жүк ташуучулар тараптан даттануулар көп болуп жатат. Мисалы ЕАЭБдин техникалык регламентине шайкеш келтирип жатабыз. Анда көрсөтүлгөн талаптарды сактадык. Бирок товарды алып бара келгенде эле маселе чыгып жатат. Орусия менен Казакстандын көзөмөл органдары Кыргызстандан барган товарларга туура эмес маалымат салынды, жазуу шрифттери талапка жооп бербейт дешүүдө. Болбосо техникалык регламенттин үлгүсүн жөнөткүлө деген талап менен экономика министрлиги аркылуу бир канча жолу кайрылуу жөнөткөнбүз. Бирок бүгүнкү күнгө чейин так кандай мыйзам бузууларды кетирип жатканыбыз боюнча жооп ала элекпиз. Биз кимдин артына түшүшүбүз керек? Себеби техникалык регламентте жөн гана талаптарды айтып жатат. Ал жерде эч кайсы талап деталдарына чейин көрсөтүлгөн эмес. Натыйжада биз экспорттук мүмкүнчүлүктөрүбүздү жоготуп жатабыз.

2017-жылдын соңунан бери ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден 200 тоннага жакын сүт продукциясы артка кайтарылды. Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов бул продукциялардын сапатынан эмес, анын таңгагындагы маркировкада экенин «Марал» радиосуна айтты.

—2017-18-жылдары 200 тоннадан ашык сүт кайра келди. Азыркы учурда маркировкасы оңдолуп башка мамлекетке чыгып жатат. Ал Кыргызстанда жарактан чыгып калган жок. Мисалы коңшу Өзбекстанга дагы ташылууда. Кайра эле келишими бар Орусиянын шаарларына чыгат. Бир гана маркировканы кайра тууралоо керек. Башка санитардык жактан эч кандай маселе жок. Эпизотиялык абалдын курчуп кетиши, же болбосо сүттүн курамындагы элементтер туура эмес деген жагдай жаралган жок.

ЕАЭБ рыногуна байланышкан бул маселе биринчи кезекте маалыматтын жетишсиздигинен чыгып жатканын Соода-өнөржай палатасынын вице-президенти Нурлан Мусуралиев белгиледи. Ошондуктан Техникалык регламенттин талаптары тийиштүү мамлекеттик органдардын сайтына дагы түшүнүктүү жайгаштырылышы керек.

—Бул маселенин кайдан чыкканы баарыбызга белгилүү болуп турат. Бүгүнкү күнү мамлекеттик органдар ошол эле бизнес маалыматты жеткирүү жагынан аксап жатат. Толук жетиштүү түрдө эмес. Бүгүн эле ветинспекциясынын сайтын ачып көрдүм. Бирок тилекке каршы ЕАЭБдин талаптарын толук көрө алган жокмун. Ошондуктан ишкерлерге түшүнүктүү кылып маалыматтар баардык сайттарга жайгаштырылса…

Бул маселелердин бүгүнкү күнгө чейин орун алып жатканына байланыштуу өкмөт башчы Сапар Исаков Экономика министрлигин сынга алды. Бул жерде түздөн-түз экономика министрлиги ЕАЭБге мүчө мамлекеттердеги кесиптештери менен тыгыз иш алып барбай жатканын белгиледи. Ошондуктан тийиштүү болгон маалыматтарды ишкерлерге толук алып берүүнү тапшырды.

—Мен бул маселени тамырына чейин билген эмесмин. Артём Эдуардович бул түздөн-түз сиздердин толук иш алып барбагандыгыңыздардан кабар берет. Мен көрүп турам сиздер Евразиялык комиссия менен тыгыз иш алып барбай жатасыздар. Бул комиссия менен өтө жакын кызматташышыңар керек. Ишкерлерге керектүү болгон маалыматтар толук берилүүгө тийиш.

Эскерте кетсек, Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылдын 9-майында толук кандуу мүчө болгон. Артта калган үч жылда ЕАЭБдин отуздан ашык техникалык регламенти күчүнө кирди. Анын ичинде экспорт импортко байланыштуу регламенттер былтыркы жылдын 12-августунда кирди.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...