Акыркы макалалар

«Кара тизмедеги» кыргызстандык мигранттардын саны 72 миңге кыскарды

«Кара тизмедеги» кыргызстандык мигранттардын саны 72 миңге кыскарды

Орусиянын «кара тизмесине» кирген кыргызстандык мигранттардын саны үч жылда 72 миңге кыскарды. Бул тууралуу Миграция кызматынын жетекчисинин орун басары Алмаз Асанбаев «Марал» радиосуна маалымдады.

Асанбаевдин айтымында, «кара тизменин» кыскаруусуна Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү негизги себеп болгон. Асанбаев бул тууралуу: «Кара тизмеде 180 миң адам болгон. Бүгүнкү күнү президенттин, премьер-министрдин аракетинин натыйжасында алардын саны 72 миңге түштү. Мында 3 жылдык киргизилгендердин баары чыкты. Анын 55 миңи соттун чечимдери менен киргендер»-деп кошумчалады.

Маалым болгондой, Кыргызстан ЕАЭБ биримдигине 2015-жылы мүчө болгон.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...