Акыркы макалалар

Исаков кыргыз-өзбек чек арасында болгон окуяны дыкат териштирүү тапшырмасын берди

Исаков кыргыз-өзбек чек арасында болгон окуяны дыкат териштирүү тапшырмасын берди

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков тийиштүү ведомстволорго чек арадагы өзбек тараптын катышуусунда болгон окуяга дыкат териштирүү жүргүзүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак бүгүн, 7-апрелде Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда Кербен заставасынын тилкесинде белгисиз себептерден өзбек чек арачылары КР жаранына ок чыгарган.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча кырсыктан кийин 1984-жылы туулган КРНын М.Ф.М., аттуу жараны каза болгон.

Жерине ыкчам топ жөнөп кетти. Тийиштүү кызматтар окуянын себептерин жана жагдайларын изилдеп жатышат.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...