Акыркы макалалар

Быйыл 56 мектепке дин маданияты боюнча сабактар киргизилет

Быйыл 56 мектепке дин маданияты боюнча сабактар киргизилет

2018-жылдын сентябрынан тарта Кыргызстандын 56 мектебине «Диний маданияттын негиздери» сабагы киргизилет. Бул тууралуу диний маселелер боюнча координациялык кеңештин отурумунда Мамлекеттик дин комиссиясынын бөлүм башчысы Гүлназ Исаева билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылы 10 мектеп үчүн пилоттук долбоор ишке кирген.

Учурда мугалимдер үчүн окуу китептери даярдалып жатат. Ошондой эле диний маданияттын негиздери боюнча мугалимдер окуудан өтөт.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...