Акыркы макалалар

Эшимбетов: Кооперацияны өнүктүрүүгө артыкчылык бериле баштады

Эшимбетов: Кооперацияны өнүктүрүүгө артыкчылык бериле баштады

Кыргызстанда кооперацияны өнүктүрүүгө артыкчылык бериле баштады. Өлкө боюнча жалпы 650 кооператив бар. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин кооперацияны өнүктрүү бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Эшимбетов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, агроөнөр жай багытында агрардык кооператив түзүү боюнча Айыл чарба министрлигинде жаңы бөлүм ачылып, үрөндөрдү себүүдө региондордун климаттык шартына жараша процукцияларды өндүрүү аныкталды.

«Кооперативдер жеңиледитилген насыяга кирбей калгандыктан жакшы өнүкпөй жатат. Кооперативдерге 8 пайыз менен насыя берүү, алардын укуктарын жакшыртуу, дыйкан чарбалар менен кооперативдердин салыктарын теңдөө маселелери каралууда. Жаңы кооперативдерге мамлекеттик фондусунун жерлери конкурсу жок 20 жылга ижарага берилет,» — дейт Эшимбетов.

Маалыматка ылайык, кооперативдерге жеке жактар ыктыярдуу түрдө биригишет. Ал үчүн райондук агрардык башкармалыктар жардам берет. Чүй облусунда 90, Таласта 38, Жалал-Абадда 71 кооператив бар. Ал эми дыйкан чарбалардын саны 400 миңден ашуун.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...