Акыркы макалалар

Facebook "троллдор фабрикасына" байланыштуу жүздөгөн аккаунтту жапты

Facebook "троллдор фабрикасына" байланыштуу жүздөгөн аккаунтту жапты

Интернеттеги Facebook социалдык тармагы "троллдор фабрикасына" катышы бар жүздөгөн баракчалар менен аккаунттарды өчүрдү. Бул тууралуу Facebook 3-апрелде маалымдады.

Өчүрүлгөн материалдардын көбү федералдык жаңылыктар агенттигине таандык. Ошондой эле басымдуу бөлүгү орус тилинде.

Фейсбуктун негиздөөчүсү Марк Цукерберг Reuters агенттигине "Биз жалган аккаунттарды түзүүгө жол бербейбиз, эгерде силер ар дайым мындай аккаунттарды ачып, манипуляция менен алектенсеңер, өзүбүздүн эреже боюнча бардык аккаунттарды жабабыз", - деди.

Орусиянын Федералдык жаңылыктар агенттигинин башчысы Евгений Зубарев бул чечимди "саясий цензура" катары баалап, орус бийлигин ага жооп кайтарууга чакырды.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...