Акыркы макалалар

Чет элдик жарандан пара талап кылган эки милиция кармалды

Чет элдик жарандан пара талап кылган эки милиция кармалды

Чет элдик жарандан пара талап кылгандыгы үчүн Чүй облусундагы Сокулук районунун ИИБнын 2 кызматкери кармалышты. Бул тууралуу 21-майда УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди. Анын айтымында УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жана ИИМдин Ички коопсуздук кызматкерлери менен биргеликте жүргүзгөн иш-чаранын негизинде, милиция кызматкерлери зордуктоо фактысы боюнча кылмыш ишин козгоо менен коркутуп, АКШнын жаранынан 700 доллар талап кылып,13 миң сом пара алып жаткан жеринен Сокулук РИИБнин 10-бөлүмүнүн кызматкери, милициянын ага лейтенанты жана пара талап кылганга катыштыгы бар деген шек менен милициянын капитаны кармалды.

Аталган факт боюнча, ушул жылдын 16-майында УКМКнын тергөө башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 304-313-беренелери (кызмат ордун кыянаттык менен пайдалануу, пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголду...................

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...