Акыркы макалалар

Асылбек уулу менен байланышы бар кримтөбөл колго түштү

Асылбек уулу менен байланышы бар кримтөбөл колго түштү

Казакстанда кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу менен байланышы бар экендигине шектелген уюшкан кылмыштуу топтун лидери кармалды. Бул тууралуу маалыматты КТК каналы жарыялады.

Аталган канал уюшкан кылмыштуу топтун лидери Есбол Жапбасовдун мүлктөрү тууралуу иликтеп чыккан. Анын Бишкекте үч кабаттуу хан сарайы, Алматыда эки кабаттуу үйү, Жамбыл облусунда вилласы, Кордайда эки үйү бар экени аныкталган.

Ыкчам маалыматтарга караганда, “жапбасовдор” атындагы уюшкан кылмыштуу топ узак убакыттан бери Кордай постунда аткезчилик менен алектенет. Ал жерден Казакстанга канаттуулардын этин киргизип, ал эми Кыргызстан тарапка мунай заттарын ташып турушкан.

Мындан тышкары, алар “Кордай” жана “Карасу” көзөмөл өткөрүү пункттарын көзөмөлдөп, унаалардан 80 миң тенгеден алып турушкан.

Жапбасовдун унаасын текшерүүдө “ТТ” аталышындагы тапанча табылып, үйүн тинтүүдө Калашников автоматы ок дарылары менен табылган.

Казакстандын күч кызматкерлери “жапбасовдор” кыргызстандык мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаев менен да байланышы бар экендигин айтышууда.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...