Акыркы макалалар

5 жылдан бери сойкукана иштеткен аял кармалды

5 жылдан бери сойкукана иштеткен аял кармалды

Чүй ОИИБдин кылмышкерди издөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын учурунда, интимдик кызмат көрсөтүүчү жайды уюштурууга шектелип, 46 жаштагы аял кармалды. Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, кармалган аял 5 жылдан бери мыйзамсыз негизде, Токмок шаарындагы Сарбагышев көчөсүндө жайгашкан сауналардын биринде интимдик кызмат көрсөтүү жайын иштетип келген.

Биздин башкармалыкка ыкчам маалымат келип түшкөн. Анан атайын топтун иш аракети менен, Токмокто 5 жылдан бери сойкукана иштеткен Роза аттуу айым кармалды. Текшерүү учурунда саунада жеңил жүрүм-турумдагы кыздар бар болгон жана алар милиция бөлүмүнө жеткирилип, протоколдор түзүлгөндөн кийин медициналык текшерүүгө жиберилди. Ошондой эле, тинтүү учурунда милиция кызматкерлери далил буюмдарды жана бухгалтердик документтерди табышты................

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...