Акыркы макалалар

Билим берүү министрлиги берген убадасына бек турабы?

Билим берүү министрлиги берген убадасына бек турабы?

2010-жылы октябрь айында КР Өкмөтү тарабынан алыскы айыл жергесине жетишсиз мугалимдердин ордун толуктоо максатында, атайын сынак жарыяланып, жаш мугалимдер депозит программасы аркылуу мугалимдер иштеп келишкен. Эми ошол депозиттин негизинде алынуучу акылары арадан бир канча убакыт өтсө дагы, берилбей жатканын "Марал" радиосуна мугалимдер арызданып кайрылышкан.

Сабира Маликова Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Папан айылынын Султан Ибраимов атындагы мектептин жаш мугалими. 2010-жылы 20-октябрда жаш мугалимдердин депозит программасына катышып, сынактан өткөн. Математика мугалими 2 баласын кайын журтуна таштап, айыл жергесине барып иштеген. Эми маңдай тери менен тапкан акысын ала электигин айтат.

Ушул үй-бүлөмдү таштап, жаш балам менен иштеп жүрөмүн. Акча болсо 3жылдан бери берилбей жатат. Кайрылсак да, эч кандай жооп жок. Районго барганыбызда 1айда болот деген. Андан бери дайын жок..........

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...