Акыркы макалалар

Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясы Москвада жыйын курду

Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясы Москвада жыйын курду

Кыргыз-орус соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 20-жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Жыйынга Кыргызстандан вице-премьер-министр Санжар Муканбетов, Орусиядан өкмөт башчынын орун басары Аркадий Дворкович баштаган расмийлер катышты.

Тараптар эки өлкөнүн соода алакасын, экономикалык кызматташтыгын талкуулашты. Жыйында эки өлкөнүн автотранспорт менен товар ташуусу 2017-жылы 2016-жылга салыштырмалуу 2,5 эсе, темир жол менен товар ташуу 23 пайызга өскөнүн билдиришти.

Жыйын соңунда өкмөт аралык комиссиянын кезектеги жыйыны 2019-жылы Кыргызстанда өтөрү макулдашылды.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...