Акыркы макалалар

Прокуратура жапкан жана жанданткан иштер

Прокуратура жапкан жана жанданткан иштер

Нурлан Суламайновго козголгон иш токтотулуп, эл өкүлү Музаффар Исаковдун иши сотко өткөрүлдү.

Башкы прокуратуранын маалымдашынча тергөөдө токтотулган жана кыскартылган 1448 кылмыш иши кайрадан иликтенип чыкты. Анын 221и боюнча тапшырмалар берилип, токтотулган 224 иш кайра жанданган. Ал иштер Улуттук коопсуздук комитети, Ички иштер министрлиги жана Экономикалык кылмыштарга каршы кызматтан келип түшкөн. Арасында убагында кызуу талкууга алынган чуулгандуу иштер да бар. Башкы прокуратуранын экономикалык кылмыштарды тергөөнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Абай Молдокматов алардын айрымдарын атады:

— Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча дирекцияга козголгон кылмыш иши бар. Чет элдик жарандарга Кыргызстанда убактылуу жашоого мыйзамсыз уруксат берүү боюнча иш жана райондор аралык соттун судьясына карата козголуп токтотулган иш жанданды. Тергөө ишинин кызыкчылыгы үчүн булар тууралуу толук айта албайм. Азыр бардык иштер кайрадан жандандырылды. Учурда иштер иликтенип жатат, тергөө аяктагандан кийин гана кимге кандай айып тагылат айта алабыз.

Чуулгандуу делген иштердин арасында КСДП фракциясынан депутат Музаффар Исаковдун дагы аты аталат. Ага Башкы прокуратура былтыр коррупция беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Прокуратура кабарлагандай Исаковдун иши тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлгөн.

Ал эми Ош жана Жалал-Абад облустарын калыбына келтирүү боюнча дирекция тууралуу Башкы көзөмөл органы кенен маалымат берген жок. Аталган облустардагы иштер жасалган учурда премьер-министр болуп турган Жантөрө Сатыбалдиев дирекция боюнча жанданган кылмыш иши тууралуу кабардар эмес экен.

— Эмне кылып иш ачып жатканын мен кайдан билейин? Мага эч ким эч нерсе деген жок. Билбейм аны. Фактыларды, иш ачкандарын дагы билбейм. Эч ким, эч жака чакырган жок.

Эң кызыгы экс-депутат Нурлан Суламайновго козголгон иштин токтотулушу болду. Башкы прокуратура Сулаймановго кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси менен 2012-жылы кылмыш ишин ачкан. Абай Молдокматов иш Сулайманов издөөдө жүргөнүнө байланыштуу токтотулганын, кармалса иши сотко жиберилет деп ишендирди.

— Транспорт жана коммуникация министрлигинин мурдагы жетекчиси Нурлан Сулаймановго карата ачылган кылмыш иши азыркы күндө токтотулган. Себеби ал учурда издөөдө жүрөт. Эгер ал кармалса иши сотко кетет.

Дагы бир чуулуу делген Бишкек жылуулук борборундагы кырсык боюнча ишти УКМК дагы деле иликтеп жатканын Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев айтты. Эске салсак жылуулук борбордогу авария боюнча прокуратура «шалаакылык» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

— Азыр тергөө жүрүп жатат. Мисалы кылмыш иши 316-берене менен козголуп, эгерде кылмыш ишин тергөөдө дагы башка кылмыштын белгилери байкалса анда материал өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, ага юридикалык баа берилет. Иш козголуп тергелип, аягында бардыгы кошулуп сотко жиберилет.

Дүйшөмбиев жаңы жагдайлар деп ЖЭБди модернизацияга кеткен 386 млн доллардын максаттуу пайдаланылышы жана баасы жогорулатылып алынган делген буюмдар тууралуу айтып жатат. Ал эми депутат Исхак Пирматовго, Игорь Чудиновго, Акылбек Жапаровго козголгон иштер тууралуу прокуратура так маалымат берген жок.

Эми Башкы көзөмөл органынын ички тартибине келсек. Прокуратуранын ички иликтөө бөлүмүнүн башчысы Марс Абышкаев билдиргендей 2017-жылы прокуратура кызматкерлеринин үстүнөн 122 арыз түшкөн.

— Арыздар Башкы прокурордун өзүнө, жарандардан сырткары президенттик аппараттан, өкмөттүн аппаратынан, Жогорку Кеңеш жана Акыйкатчы институтунан түшкөн. Келген материалдардын негизинде 12 кызматкерге катуу чаралар көрүлгөн.

Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков «Башкы прокуратура коррупцияга каршы күрөштө улуттук координатор болуп саналат. Бирок азыркы учурда бул милдетти натыйжалуу аткара албай жатат», — деп баалаган. Өлкө башчы аталган жыйындан кийин 28-мартта Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алып, жемкорлукка каршы күрөштө жылыштар бар экенин айтты.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...