Акыркы макалалар

Ич өткөк оорусу өтүшүп кетсе, адам өмүрүнө коркунуч алып келет

Ич өткөк оорусу өтүшүп кетсе, адам өмүрүнө коркунуч алып келет

Адамдын ден соолугу анын тамактанганынан көз каранды. Күч-кубат берген да тамак, алды кетирип, буттан жыккан да тамак. Өзгөчө күндүн ысыгында эмне жеп-ичип жатканыңа кылдат көңүл бурбасаң, ич өткөк оорусу башталган мезгил келди. Бүгүнүкү «Дабагер» берүүсүндө ич өткөк оорусунун алдын алуу жана дарылоо жолдору туурасында Республикалык жугуштуу оорулар клиникасынын амбулатордук жана кеңеш берүү бөлүмүнүн орун басары Халида Азимбаева менен кеңири маек курдук.

Жаздын келиши менен оорулар дагы күч алат эмеспи, учурда алардын арасында ич өткөк оорусу башталган мезгил. Негизи эле ич өткөк оорусу деген эмне?

Ич өткөк оорусу бактерия аркылуу жугат. Ашказандан баштап, жоон, ичке ичегинин бардыгын жабырката турган ич оорулардын жугуштуу дарттарынын бири. Анын козгогучтары дизентерия, сальмонельоз, стафилококк, тамак аштан ууланган жана ичкелте оорусу кирет. Бул дарт жай айынан баштап, күз мезгилине чейин созулат.

Бул дартка чалдыккан адам алгачкы белгилерин кантип байкаса болот?

- Оорунун алгачкы белгилери болуп дене ысыйт, температура жогору көтөрүлөт, жүрөк айланып, кусуу жана ич оорусу башталат. Ич оорунун да түрлөрү көп. Ал бурап же, сайгылашып оорушу мүмкүн. Көбүнчө ич өткөндөн кийин бейтап жеңилденип калат. Бирок, ич өтүү кайрадан кайталанат. Анткени, адамдын организми денеге келген микробдор менен тынымсыз күрөшүп тургандыктан, жогорудагы айтылган белгилер адамды кыйноого салат. Бул учурда организмдеги бардык ватаминдер сыртка айдалып чыгат да, адамды алсыздык жана калтырак басат. Ал эми жаш балдардын температурасы 38 градуска жетүү менен абалы оорлоп кетиши мүмкүн. Ич өткөк оорусун чакырган вирустар көп. Алар энтеровирус, аденовирус, ротавирус. Бул оору менен ооруган баланы сөзсүз дарыгерлерге көрсөтүш керек. Анткени, дарыгер оорулунун анализине жараша диагноз коет. Вирустар аркылуу чакырылуучу микробдорго дары-дармектер таасир бербейт. Ал башкача дарыланат. Ич өткөктү талдап, жакшы текшерүүдөн өткөрүш керек. Жазда күндүн илеби вирустардын көбөйүшүнө же, азайышына таасир этет. Көбүнчө сырттан вирустарды үйгө алып келебиз. Ошондуктан бөлмөнүн ичин желдетип, тазалап турсак, вирустарды жок кыла алабыз.

Маалыматтарга ылайык, ич өткөк оорусу менен көбүнчө жаш балдар ооруйт дейт. Себеби эмнеде?

- Бир жашка чейинки балдар арасында көп кездешпейт. Анткени бир жашка чейин балдар эмчек сүтүн эмишет. Бир жаштан өткөндө алар тамак- ашка аралаша баштайт. Жөрмөлөп оозуна ар кандай ар нерселерди сала баштайт. Ошол эле учурда колун жуубай жер- жемиштерди жейт. Айрым учурларда сүт азыктарын кайнатпастан, мөөнөтүнөн өткөрүп беришет. Ошондуктан бул жаштагылардын арасында көп кездешет. Дагы бир көйгөй -таза суу. Шаарларда таза суу болгону менен, айыл жерлеринде суу дагы деле болсо көйгөй бойдон калууда. Себеби, кээ бир аймактагылар арыктардан суу алып ичет. Арыктан малдар жана башка жандыктар да ичет, ага ар кандай таштандыларды таштайт. Ошондуктан кандай гана суу болбосун кайнатып ичүү керек. Айрыкча, ата- энелерге айтат элем, сууну кайнатып бергиле балдарга деп...................

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...