Акыркы макалалар

Жогорку Нарын ГЭСинде жумушчуларга шаарча курулууда

Жогорку Нарын ГЭСинде жумушчуларга шаарча курулууда

“РусГидро" ачык акционердик коому Кыргызстандагы Жогорку Нарын каскады ГЭСинин курулушун өткөн жылы июнь айында баштаган. Аталган ГЭСти курууга Орусия жардам берүүдө. Анда эки миңге жакын жергиликтүү тургундар жумуш менен камсыз болот. Учурда ал жерде иштей турган жумушчулар үчүн атайын шаарча курулуп бүткөрүлүүдө. Жалпысынан алганда шаарчада 3 бөлүктөн турган үй, ашкана жана медициналык бөлүм тургузулган.

«Азия волттер бит» компаниясынын иш башкаруучусу Темирбек Асаналиевдин айтымында, шаарчага таза суу алып келүү иштери толук аткарылды. Андагы жумушчу күчүнө жергиликтүү калктан 60 тургун иштеди. Анткени башка жактан алып келүүгө шарттар жок.

Жогорку Нарын ГЭСинин Кыргызстан тараптагы төрагасы Чоробай Акуновдун берген маалыматында, ГЭСти куруу үчүн жумушчуларга баардык шарттар болуусу абзел. Тоонунун башына чыгып, кайра үйүнө келип иштөөгө эч кимдин мүмкүнчүлүгү жок. Жумушчуларга салынып жаткан үйлөр толук кандуу күз айларында бүткөрүлөт. Анан жумушчулар алынып, ГЭСтин негизги жумуштарына киришет.

Курулуп жаткан Жогорку Нарын каскады ГЭСи төрт гидроэлектростанциядан турат. Алар: Акбулуң ГЭСи, Нарын ГЭС-1, Нарын ГЭС-2 жана Нарын ГЭС-3. Анын жалпы кубаттуулугу 237,7 МВт болуп 942,4 млн кВт саат энергия иштеп чыгарат деп белгиленүүдө. Аталган ГЭСти 5-6 жыл аралыгында куруу пландалып, алгачкы гидроагрегаттар 2016-жылы ишке киргизилет.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...