Акыркы макалалар

Жумагулов: Тарыхый-маданий мурастар тонолуп жатат

Жумагулов: Тарыхый-маданий мурастар тонолуп жатат

Кыргызстандын аймагындагы дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине кирген археологиялык комплекстер мыйзамсыз казган шылуундар тарабынан тонолуп жок кылынууда.

Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов, тарыхый-маданий мурастарды коргоо жаатындагы мыйзамдардын аткарылышына арналган парламенттик угууда билдирди.

Жумагулов мындан тышкары, өлкө ичинде музейлердин он экиси гана атайын ылайыкташтырылган имараттарда тураарын, калган музейлердин баары шарты жок жайларда жайгашканын айтып өттү. Мындай абал музей экспонаттарынын сакталуусуна өз кедергисин тийгизет.

Маалыматка ылайык, аймактардагы маданият кызматкерлеринин маянасы 3 миӊ сом, борбордук музейлерде иштегендердики 6 миӊ сомду гана түзөт.

Ошондой эле, өлкөдө музей адистерин даярдай турган бир дагы жогорку окуу жайы жок.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...