Акыркы макалалар

Смартфонду ыктуу колдонууга жол ачылды

Смартфонду ыктуу колдонууга жол ачылды

Бишкекте борбор азиялык балдардын хакатон-фестивалы аяктады. Фестивал "Z мууну: балдардын жакшы жашоосу үчүн" деп аталды.

Хакатон (англ. hackathon, hack (см. хакер) жана marathon — марафон) — программалык камсыздоо иштеп чыгуунун ар кайсы багыттары боюнча адистер кайсы бир маселени чечүүнүн айланасында чогуу иштеген форум (wikipedia.org/).

Бишкекте өткөн фестивал "Z мууну: балдардын жакшы жашоосу үчүн" деп аталды. Анда балдардын азыркы кыйынчылыктарды чечүүдө акыркы технологиянын күчүн колдонуусу боюнча сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды. "Азаттык" иш-чаранын уюштуруучусу, "Балдар укугун коргоо лигасынын" жетекчиси Назгүл Турдубекованы кепке тартты.

"Азаттык": Назгүл айым, бул үч күндүк хакатон-фестивал балдардын азыркы маселелерин чечүүдө акыркы технологиянын күчүн колдонууга арналган экен. Кандай жыйынтыктар болду?

Турдубекова: Бул фестивал Бишкекте алгачкы жолу болуп өттү. Анда балдардын турмушун оңдош үчүн атайын IT-адистер жана социалдык адистер иштеп, Интернет үчүн атайын тиркемелерди иштеп чыгышты. Мисалы, аутист балдар үчүн түзүлгөн телефон тиркемесин жасаган адистер 1-орунду алышты. Бул тиркеме аркылуу аутист балдар телефондон эле билим алса болот. Мындай балдар китеп издеп жүрбөй, ошол тиркеме аркылуу билим ала алышат.

"Азаттык": Жакшы саамалык экен. Эми Кыргызстандагы аутист балдар качантан тартып бул тиркемени колдонуу укугуна ээ болушат?

Турдубекова: Эки айдын ичинде бул тиркеме аягына чейин иштелип чыгат. 17-майда бүтүрүлгөн вариантын көрүп, колдонуу мүмкүнчүлүгү менен таанышып келебиз. Ошондон кийин Кыргызстанда да бул тиркемени ишке киргизебиз.

"Азаттык": Зордук-зомбулукка учураган балдар үчүн да телефон тиркемелери иштейби?

Турдубекова: Зордук-зомбулукка же автокырсыкка кабылган балдар көбөйүп баратат. Ушундан улам балдарга жолдо жүрүү эрежелерин үйрөтүүчү тиркеме иштелип чыкты. Бул оюн аркылуу балдар жана ата-энелер балдардын жолдо жүрүү эрежелерин окуп, үйрөнө алышат.

Ушул эле тиркемеден балдар зордук-зомбулуктан сактануунун жолдору менен да тааныша алышат. Бул тиркемени иштеп чыккандар 3-орунду алышты. Ал эми 2-орунга социалдык кызматкерлер, мугалимдер жана жашы жете элек балдар менен иштөөчү инспекция кызматкерлери үчүн жасалган тиркеме ээ болду. Алар жакырчылыкта жашаган, оор турмуштагы же зордук-зомбулукка кабылган балдарды ошол тиркеме аркылуу каттап, аларды көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

"Азаттык": Маегиңиз үчүн чоң рахмат!

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...