Акыркы макалалар

Бишкекте “Кичи автобус” аталыштагы рейд өтүүдө

Бишкекте “Кичи автобус” аталыштагы рейд өтүүдө

Бишкекте 22нен 24-март күндөрү “Кич автобус” аталыштагы рейд жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чара унаанын техникалык абалын текшерүү максатында, тагыраагы механикалык көзөмөлдөө максатында уюштурулууда.

Ага байланыштуу ЖКККББнын кызматкерлери тышкы көрүнүшүн, унаалардын техникалык абалын, жүргүнчүлүк орундун санын жана аялдамада токтоо эрежесин текшеришкен.

Жыйынтыгында жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочуларга карата техникалык абалы начар болгондугуна байланыштуу 67 административдик протокол түзүлгөн. Айып токтотуучу жайга 8 кичи автобус токтотулган.

Аталган багыт боюнча иш уланат.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...