Акыркы макалалар

Шерниязов: Кыргыздар тойго тыюу салган сайын күчөйт

Шерниязов: Кыргыздар тойго тыюу салган сайын күчөйт

Эгер элде идеология, чоң багыт болбосо тойлордо чыгымдарды кыскартуу демилгесин дароо унутат. Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шерниязов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мамлекетте идеология калыптанган эмес. Ал эми мамлекет идеологиясыз өнүгө албайт. Коомдо боштук болсо, жарандар аны өздөрү толтуруп алат. Биз түрлүү шайлоолор менен колубуз бошобой жатат. Азыр саясат коомчулукка кеңири тараган тармак болуп калды.

«Өкүндүргөнү өлкөдө бир да социалдык объект ресторандардай курулуп, кооздолгон эмес. Кыргызстан өсүүдөн артта калуудабыз. 25 жылда депуттартарды, премьер-министрлерди, президенттерди алмаштыруу менен убарабыз. Өткөн митингдерге кеткен акчага 5 Токтогул ГЭСин куруп койсок болмок. Маданияят кызматкерлери элди алдыга сүйрөгөн локомотив болушу кажет. Мамлекетти ойлосок өнүгүнүн приориттетүү багыттарын белгилеш керек», — дейт Шерниязов.

Теңтуштар менен алака-катыш жок эле дос болгонун айткан эл өкүлү, эл белгилүү болууну кааларын, андыктан той өткөрүүнүн ордуна жолдорду асфальттагандардын сүрөтүн жарнамаласа коомчулук аны колдой турганын билдирди.

Эске калсак, тойлордун өрнөктүү үлгүсүн жалпы журтка жайылтуу максатында «Кереге» фонду тойлорду өткөрүүнүн сценарийи боюнча конкурс жарыялаган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...