Акыркы макалалар

Алгачкы жолу 7 жашар балдардын физикалык өсүп жетилүүсү изилденет

Алгачкы жолу 7 жашар балдардын физикалык өсүп жетилүүсү изилденет

Кыргызстанда биринчи жолу 7 жаштагы балдардын физикалык жактан өсүп жетилүүсү жана ден соолугунун абалы изилденет. Ага өлкө аймагы боюнча 7 жаштагы 7 миңге жакын окуучу катышаары күтүлүүдө. Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору билдиргендей, изилдөө 1-апрелден башталып, 1 айга созулушу мүмкүн. Ал үчүн 150 мектеп тандалып алынган. Изилдөөнүн жыйынтыгы менен атайын база түзүлүп, балдар арасында салмак жетишсиздиги же ашыкча салмак менен күрөшүү иш-чаралары каралат.

Кыргызстанда 5 жашка чейинки балдардын 10% ашыкча салмак менен жабыркайт. Дарыгерлердин айтымында, бул туура эмес тамактанууга байланыштуу. Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттык бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Исмаилова белгилегендей, балдардын кыймылсыз аракети, туура эмес тамактануусу саламаттыгына түздөн-түз таасирин тийгизүүдө. Маселен 2014-жылы чыккан статистикалык маалыматтарга ылайык, нормадан көбүрөөк салмакта төрөлгөн балдардын саны 7% түзгөн.

—Салмагы жетпей төрөлгөн балдар 1-6 жашка чейинки балдардын арасында 7%. Балдардын 6 күндөн 59 айга чейинки арасында жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн негизинде ашыкча салмак менен төрөлгөндөр 7% түзөт.

Бирок азыркы күнгө чейин 7 жаштагы балдардын анализин чыгарган изилдөө жургүзүлгөн эмес. Мындан улам Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун демилгеси менен биринчи жолу 7 жаштагы 7 миңдей бала атайын изилдөөдөн өтөт. Анда балдардын физикалык жактан өсүп жетилүүсү жана ден соолугунун чыңдыгы аныкталат. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнун жетекчиси Ярно Хабихттин айтымында, Европада мындай изилдөө 2006-жылдан бери өткөрүлүп келет. Алгачкы иликтөөлөр ошол аймактагы балдардын ар бешинчиси ашыкча салмак менен жабыркай тургандыгы аныкталган.

-Европада биз 2006-жылы баштаганбыз. Азыр 4-баскычта. Ошондо ар бир бешинчи мектеп окуучусу ашыкча салмак менен жабыркай тургандыгы аныкталган. Кыргызстанда эми бул биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Ошондуктан бул өлкөдө көрсөткүч аз болот деп үмүт кылабыз. Бирок анализдин жыйынтыгында база түзүлүп калат. Бул иштерди жасоо үчүн адистерди даярдадык.

Негизи буга чейинки изилдөөлөрдө 5 жашка чейинки жана 10 жаштан жогорку балдардын статистикасы аныкталган. Бирок 7 жаштагы баланын физикалык өсүп өнүгүүсүн аныктаган изилдөө болгон эмес. Энени жана баланы коргоо улуттук борборунун туура тамактануу боюнча башкы адиси Элмира Кабылова белгилегендей, 7 жаш баланын өсүп жетилүүсүнүн маанилүү этабы. Анткени бул куракта баланын нерв системасы да активдүү түрдө өсөт.

-1-3 жашка чейин да активдүү өсөт. Ал эми 7 жашта баланын нерв системасы активдүү өөрчүйт. Ушул убакытта изилдөө жүргүзүү жакшы жыйынтык берет.

Долбоорго 150 мектеп тандалып алынган. Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун директору Гүлмира Айтмурзаеванын айтымында балдардын текшерүү 1-апрелден башталат.

—Азыр мектептер эс алууга тарап кетти. Эми апрелден баштайбыз. Бир ай бою балдардын өлчөмдөрун алабыз. База түзөбүз. Жаңы окуу жылына чейин жыйынтыктар чыгарылат. Бул иштерди жасоо үчүн 40 адис окуудан өттү.

Маалыматка ылайык, жогоруда айтылган долбоорго буга чейин 46 мамлекет катышып келген. Адистердин айтымында, баланын физикалык жактан өсүп жетилүүсү жана ден соолугунун чыңдыгын көзөмөлдөө бойдун жана салмактын көрсөткүчү менен аныкталат. 7 жаштагы баланын бою 120 смден узун, салмагы 25-26 кг жогору болуш керек.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...