Акыркы макалалар

Бишкекте 800 кг боорсок жасалып, улуттук рекорд коюлду

Бишкекте 800 кг боорсок жасалып, улуттук рекорд коюлду

Кыргызстанда бүгүн, 21-мартта Нооруз майрамына карата 800 кг боорсок жасалып, улуттук рекорд коюлду. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Боорсок жасоо иш-чарасы «Кыргыз айылы» этнографиялык комлексинде өткөрүлүп, анын ишине Бишкек шаарынан 10 топ катышты.

«Бишкекнан» ишканасынын башкы наабайчысы Гүлнара Касымбаева боорсоктун сапатына көзөмөл жүргүздү. Анын айтымында, камыр нан заводунун стерилденген шартында даярдалган. Андан соң топторго бөлүнүп берилген.

Башкы наабайчы билдиргендей, камыр даярдоого жарым тоннага жакын ун жумшалып, бир тоннага жакын камыр даярдалган. Камыр үчүн жогорку сорттогу ун, каймак май, сүт, кумшекер, туз жана ачыткыч колдонулган.

Жыйынтыгында биргелешкен жалпы аракет менен 800 кг ашык боорсок бышырылды.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...