Акыркы макалалар

Кыргызстандыктар апрелде төрт күн эс алат

Кыргызстандыктар апрелде төрт күн эс алат

Тийиштүү токтомго премьер-министр Сапар Исаков кол койгон

Кыргызстандыктар апрель айында төрт күн эс алат. Бул боюнча өкмөттүн тийиштүү токтомунда айтылат.

7-апрель — Элдик Апрель революция күнү ишембиге туш келгендиктен, дем алыш күн дүйшөмбүгө жылдырылат. Ага ылайык беш күндүк график менен иштегендер 7-8-9-апрелде эс алышат.

Ошондой эле дем алыш күндөрүн натыйжалуу колдонуу максатында ишемби, 28-апрелдеги дем алыш күн 30-апрелге которулат. Ага ылайык, кыргызстандыктар үч күн катары менен 29-30-апрель жана 1-май күндөрү эс алышат.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...