Акыркы макалалар

Москвадагы "Киргизия" кинотеатрынын оңдолгондон кийинки көрүнүшү. Эскиз

Москвадагы "Киргизия" кинотеатрынын оңдолгондон кийинки көрүнүшү. Эскиз

Кинотеатр оңдолгондон кийин да анын аты өзгөрбөйт

Москвада "Киргизия" кинотеатры түрттүрлүп, ордуна шаардыктар эс ала турчу көп функциялуу жаңы имарат курулат.

Кинотеатр өткөн жумада түрттүрүлүп, учурда курулуш иштери башталды.

Реконструкция иштерин ADG Group компаниясы ишке ашырууда. Бул ишкана Москвадагы дагы 38 кинотеатрды кайрадан жасалгалаган.

Аталган компания Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына салына турчу имараттын эскизин көрсөттү.

Жаңы имарат 2019-жылдын аягында бүтөт. Ал кинотеатр бойдон калып, дагы заманбап алты зал ачылат. Ошондой эле комплекстин ичинде кафе, фитнес-борбор, дүкөн, офис жана жер алдындагы машина токтотуучу жай болот.

Эски кинотеатрдын скульптурасы, жасалгасы жаңы имаратта дагы сакталат.

"Киргизия" кинотеатры Москванын чыгышындагы Новогиреево аймагындагы Зеленый проспектиси 81 дарегинде жайгашкан. Бул жерде биринчи кино 1972-жылы көрсөтүлгөн. 2000-жылдын башында имаратта казино болгон. Айрым бөлүгү кафе үчүн берилген болчу.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...