Акыркы макалалар

Мигранттардын акчасынан топтолгон фонд ачылат

Мигранттардын акчасынан топтолгон фонд ачылат

Президент Сооронбай Жээнбеков мигранттардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жасаган. Анда Кыргызстанга кошкон салымы зор экенин белгилеп, өлкөгө инвестиция салам деген мекендештердин саны өсүп бара жатканын айткан.

Президент Сооронбай Жээнбеков 18-декабрда мигранттарды инвестиция салууга чакырып кайрылуу жасаган. Анда өлкөнүн өнүгүшүнө алардын салымы зор экенин белгилеп, акчасын өлкө экономикасын өнүктүрүүгө жумшоону каалагандар үчүн баардык зарыл шарттар түзүлөт деген. Бул багытта Кыргызстандын жарандыгынан чыккан адамдар үчүн атайын “Мекен карт” долбоору иштелип чыкты. Мында мурда кыргыз жараны болуп, кийин башка өлкөнүн жарандыгын алуу үчүн каттоодон чыгарылган мекендештерге өзгөчө статус берилет. Мекендештин күбөлүгүн алган адам Кыргызстанда ыңгайлуу шартта жашап, туруктуу калуу укугу берилет.

Буга кошумча мигранттар жөнөткөн каражатты натыйжалуу пайдалануу үчүн атайын фонд ачуу демилгеси көтөрүлүп жатат. Каражатын фондго берген жаранга акчасын эки эселеп кайтарып берүү каралганын Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев айтып берди.

—Бүгүнкү күндө биз мигранттардын акчасын колдонууга атайын фонддорду иштеп чыгууну карап жатабыз. Мындай фонд Беларусь өлкөсүндө иштейт. Ал жакка мигрант акчасын берсе, бир доллардын үстүнө дагы бир доллар кошулат. Бул иштин мыйзамдык жагын карап, сунуштар даярдалып жатат.

Чындыгында бүгүнкү күнү мигранттар которгон акча Кыргызстандын жалпы ички дүң өнүмүнүн 30 пайызын түзөт. Же 2 миллиард 288 миллион долларга барабар. Бирок каражаттын басымдуу бөлүгү той-аш жана күнүмдүк керектөө менен чектелип жатат.

Эгерде мигранттардан негизделген фонд мыйзамдаштырылса, көп долбоорлорду жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк боло турганын министрлик кошумчалады.

Анткен менен эгемендүү мамлекетти курабыз десек, мигранттар которгон акчаны эмес, башка тармактарга көңүл буруу керектигин эл аралык мамилелер боюнча эксперт Эдил Осмонбетов белгилейт. Анын пикиринде, мигранттар чет өлкөдө иштеп, тажрыйба топтоп акчасын өзү алып келгени жакшы.

—Ааламдашуу процесси болгондон кийин көп мигранттар башка мамлекеттерге агылып жатат. Мисалга Кытайды же Индияны алып карап көрсөк, алардын жарандары башка мамлекеттерге барып өзүнүн бизнесин ачышат. Кийин кайрадан өзүнүн мамлекетине жардам берет. Ошондуктан эгемендүү мамлекет курабыз десек, мигранттар жөнөткөн акчаны карабашыбыз керек. Тескерисинче айыл чарба, экономикага салым кошо турган башка тармактарды караганыбыз жакшы.

Орусияда он жылдан бери иштеген Бексултан Азимов Кыргызстанга инвестиция салууга даяр. Бирок акчасын фондго салып берүүдөн сактанат. Анткени бүгүн өкмөткө ишеним төмөн. Экинчиден акча салып иш баштоо процедуралары оор. Ошондуктан өкмөт эгер Кыргызстандын продукциясын биргелешип чыгаруу сунушун берсе макул экенин айтат.

—Кыргызстандан чыккан товарларды Кыргызстанда сатып бергиле десе биз макулбуз. Эми инвестиция сала турган тармактар абдан көп. Аларды байкап көрүшүбүз мүмкүн. Инвестиция салууга даярбыз.

Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо агенттигинин директорунун орун басары Шумкарбек Адилбек уулу мигранттар тараптан Кыргызстандын рыногу толук изилденбей калып жатканын белгилейт. Натыйжада мекендештер күткөн ийгиликтер толук аткарылбай калууда. Бул жаатта агенттик жеңилдиктерди карап жатканын «Марал» радиосуна айтып берди.

—Биз жагдайды ачык айтышыбыз керек. Мигранттар акчасын салып жатканда ички экономикасын эске алышпайт. Салынган ишкана сатуулар менен өзүн актайбы деген суроо коюлбайт. Бул жагынан мигранттарда инвестиция боюнча билими аз болуп жатат.

Кошумчалай кетсек, расмий маалыматтар боюнча чет өлкөлөрдө 700 миңден ашык кыргызстандык бар. Анын басымдуу бөлүгү жакынкы өлкөлөрдө. Дагы бир бөлүгү Түркия баштаган мамлекеттерге кетишкен.

Алардын басымдуу бөлүгү кызмат көрсөтүү тармагында иштелегендер.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...