Акыркы макалалар

Жөө жүрүшкө шылтоо болгон Апрель окуясы

Жөө жүрүшкө шылтоо болгон Апрель окуясы

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 7-апрелде 10 миң кишини баштап жөө жүрүш кылаарын айрым жергиликтүү маалымат булактары жазышууда. Ага ылайык, жүрүш 2010-жылдагы куралдуу төңкөрүштү эскерүү максатында уюштурулмакчы. Бирок анын түпкү максатын айрым саясат талдоочулар президент Сооронбай Жээнбековго сес көрсөтүү болушу мүмкүн деген пикирлерин билдирүүдө. Айрымдар мындан эч кандай саясий аракеттерди көрүүгө негиз жок деп четке кагат.

2010-жылдын 7-апрели Кыргызстандын тарых барактарында мурунку президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режиминин кулатылышы менен жазылып калды. Окуяда куралсыз элге ок атылып, 87 киши набыт болгон. Бул күндү эскерүү масатында экс-президент Алмазбек Атамбаев 10 миң адамды баштап жөө жүрүшкө чыгаары жергиликтүү маалымат булактарында жазылууда.

Бирок анын түпкү максатын айрым саясат талдоочулар президент Сооронбай Жээнбековго сес көрсөтүү болушу мүмкүн деген пикирлерин билдирүүдө. Бул ойду саясат талдоочу Табылды Акеров да бышыктап, Атамбаев кайрадан саясатка кайтып келүүнүн жолдорун карап жатат дейт.

-Бүгүнкү күндө Алмазбек Атамбаев өзү саясатка келүүнү каалабаса да айланасындагы адамдар түртүп жатат. Анткени экс-президенттин айланасындагылар Сооронбай Жээнбеков жаңы саясатты жүргүзүп жатканын көрүп жатат. Коррупцияга күрөш жарыяланды. Ушул багыттан алганда Атамбаевдин кадрлары Жээнбековдун командасына кирбей калабыз деп чочулап, экс ажонун таасирин колдонууну көздөөдө.

Бирок экс-президенттин маалыматтык саясат бөлүмүн жетектеген, кеңешчиси Алмаз Усенов комментарий берүүдөн карманды.

-Бул тууралуу мен комментарий бербей эле коеюн. Маалымат булактары жаза берсин. Бирок айтылган сөздөрдүн баары ушак.

Ал эми Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров жөө жүрүш тууралуу маалыматты ырастаган да, төгүндөгөн да жок.

Эл өкүлүнүн айтымында, 7-апрелде эл чогулбаса да шаар тургундары эскерүү жасайт. Алар Кыргызстандагы башкаруу системасына түздөн-түз таасир берген революция болгон күндү эскербей коюу туура эмес деп эсептешет.

—Бирөө атайын чогултса да, чогултпаса да ошол күнү эл эскерүү кылат. Өлкөдөгү башкаруу системасына түздөн-түз таасирин берген революция болгон деп айтсак адашпайбыз. 7-апрель келе берсин, көрөбүз. Быйыл ошол күнү эскерүүгө чыкпай койсо да туура эмес болуп калат. Бул Жогорку Кеңеш, президент жана өкмөт белгилеп койгон тарыхый күн болуп эсептелет.

Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев жөө жүрүш уюштурулса, андан эч бир саясий аракет көрбөй турганын билдирди.

Анын маалыматында, Атамбаев жаңы президент болгон жылы да апрель окуясын эскерүү үчүн Бишкек шаарында жөө жүрүш болгон. Бул саамалыкка жарандык коомдун өкүлдөрү да кошулуп чыгууга болот.

-Жөө жүрүш өткөрүлсө жакшы эле болот. Бирок мындан саясий негиз көрө албадым. Мындай жүрүш Атамбаевдин бийлиги учурунда да болуп, көп адам катышкан.

Буга чейин эксперттер Атамбаев менен Жээнбековдун тирешүүсү болоорун айтып келишет. Бирок мынчалык эрте болоорун күтпөгөнүн коомдук ишмер Эдил Байсалов твиттер социалдык баракчасына жазып чыкты. Буга ал өткөн жумада Апрель окуясын эскерүү курултайында жаштардын президенттин иниси депутат Асылбек Жээнбеков мандатын тапшыруусун талап кылганын мисалга келтирген. Ошондой эле, Байсалов мунун баарынын артында мурунку бийлик турат деген пикирин калтырган.

Жарандык активист Адил Турдукуловдун пикиринде, Атамбаев жүрүштү тарыхта апрель окуясын жасаган президент катары калуусу үчүн кылуусу мүмкүн. Ал эми азыркы мамлекет башчыга сес көрсөтүүгө аракет жасоодо деген ойлорго кошулбайт.

-Атамбаев Бакиевдин убагында ага сес көрсөткөн негизги күч болгон. Анын негизинде көчөгө элди чогултуп, «Ала-Тоо» аянтын каптап койчу. Анын катышуусу менен негизги чоң митингдер өткөн. Ал апрель окуясын жасаган киши катары тарыхта калууну көздөп жатат болушу керек. Ошону дагы бир далилдеш үчүн жөө жүрүш өткөрөт го. Бирок мындан сес көрсөтүүнүн негизин көрбөй эле турамын.

Эске салсак, 2010-жылы 7- апрелде мурунку президент Курманбек Бакиевдин жүргүзгөн саясатына каршы оппозиция өкүлдөрүнүн революциялык кадамдары анын бийлигин кулаткан. Бакиев үй-бүлөсү, жакындары менен чет элге качып, Белоруссияда баш калкалоо тапкан.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...