Акыркы макалалар

Кененбаев: Бишкек шаарында «Акылдуу шаарды» өзүбүз курууга аракет кылабыз

Кененбаев: Бишкек шаарында «Акылдуу шаарды» өзүбүз курууга аракет кылабыз

Бишкек шаарына мамлекеттик бюджеттин 30 %ын бөлүп берсе аткарылчу жумуштар бат бүтмөк. Мындай оюн Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, шаарда унаа нормадан көп болгондуктан, мэрия жолдорду оңдоп-түзөөгө жетишпей калууда. Шаарга бир рельстүү жолдорду куруу зарыл. Борбордо 86 бала бакча болсо, дагы 50 бала бакча керек. Анткени ички мграциянын эсебинин калктын сан өскөн.

Маалыматка ылайык, быйыл Бишкек шаарынын бюджетинин киреше бөлүгү 7 млрд 934 млн 941 миң сомду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 1 млрд сомго аз болгон. Финансы миистрлиги борборду көрктөндүрүүгө жана башка иштер үчүн 19 млн сом бөлүп берген.

«Өкмөт кытайлык компания менен келишимди токтотконуна байланыштуу Бишкек шаарында «Акылдуу шаарды» өзүбүз курууга аракет кылабыз. Аны куруу бир гана камера орнотуп коюу эмес. Анда билеттер электрондоштурулуп, бала бакчагага жаздырууда кезек күтүүлөр жана башка маселелер санариптик негизде каралат. Мунун баары долбоордо коплекстүү система катары каралган. Өлкөдө муниципалдык жеке өнөөктөштөр иш алып барып, айрым долбоорлорду ишке ашыруусуна шарт түзүп беришибиз зарыл», — дейт Кененбаев.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...