Акыркы макалалар

Эсенгулов: «Таза жашоо» — жарандарды шыктандыруучу өзгөчө иш-чара

Эсенгулов: «Таза жашоо»  — жарандарды шыктандыруучу өзгөчө иш-чара

«Таза жашоо» — жарандарды шыктандыруучу өзгөчө иш-чара. Мындай пикирин Өкмөттүк аппараттын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгулов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, «Таза жашоо» акциясынын жыйынтыгында эң таза көчө, таза район, шаар жана облус аныкталып, жеңүүчүлөргө каржылык сыйлык берилет. Ал үчүн бюджеттен 1-10 млн сомдун аралыгында каражат бөлүнөт. Акцияга катышуунун жол-жоболор март айынын аягына чейин жазылып бүтөт. 3 айлык иш-чаранын алкагында ар бир мекеме өз кызматкерлери менен ыктыярдуу түрдө ишембиликке чыга алат.

Эсенгулов белгилегендей, мындай саамалыктар жарандарды айлана-чөйрөнү сактоого үндөп, экологиялык сабаттуулугун жоюу жана шаар тургундарын ынтымака чакыруу максатын көздөйт. Өкмөт каржылык колдоо көрсөтүп жаткан демилгени ишке ашырууда «Эко Деми» коомдук фондуна айыл өкмөттөрү техникалык, транспорт маселеси боюнча жардам беришет.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик телеканалдар иш-чараларды чагылдырууга жардам берет. Каалоочулар Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги менен «Жашылдандыруу» мекемесинен көчөтөрдү алып, отургузса болот. «Таза жашоо» деген жазуусу менен футболка даярдап жаткандар бирдиктүү форма жасоо үчүн Өкмөттөн сүрөттөрдү алса болот.

«Кыргызстандыктардын суранарым, тамак аштын калдыктарын тийиштүү урналарга ташташса. Мындан сырткары, биобаштыктарды колонууга аракет кылышса. «Таза жашоо» иш-чарасы 3 ай менен гана чектелбейт, мүмкүн болсо эл саамалыкты улантышса жакшы,» — дейт Эсенгулов.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...