Акыркы макалалар

"Ош пирим" телеканалы Prime TV болуп өзгөрдү

"Ош пирим" телеканалы Prime TV болуп өзгөрдү

Буга чейин "Ош пирим" деген аталышта иштеген телеканал 19-марттан тарта Prime TV болуп эфирге чыга баштады. Бул тууралуу каналдын Бишкектеги башкы кеңсесинин жетекчиси Назира Ахмедова “Азаттык” радиосуна кабарлады.

- Кыргызстанда телеканалдар санарип берүүлөргө өткөндөн кийин “Ош пирим” телеканалы дагы республика боюнча өзүнүн берүүлөрүн көрсөтүп жаткан. Эми ал ребрендинг болуп, мазмунун өзгөртүп, жаңы контент кошуп, атын дагы өзгөртүп бүт республикага чыгалы деп чечтик.

Ахмедованын айтымында, Prime TV маалыматтык-көңүл ачуучу канал болот. Негизинен кыргыздын улуттук маданиятына, тилине басым коюлат. Каналда азыр 70 киши иштейт.

Канал беш жыл мурун Ошто түптөлүп, алгач ЭкоТВ, андан соң "Ош пирим" деп аталган. Башкы директору Мариф Парпиназаров.

Телеканалга Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов ээлик кылары айтылат. Назира Ахмедова медиа уюмдун негиздөөчүсү депутаттын атасы Бердибай Примов экенин бышыктады.

Кыргызстанда Юстиция министрлигинен миңден ашуун жалпыга маалымдоо каражаты каттоодон өткөн. Анын 20дан ашыгы телеканалдар.

Кыргызстанда аналог сигналдары былтыр 15-майда толугу менен токтотулуп, өлкө санарипке өткөн.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...