Акыркы макалалар

Кургак учукту жеңсе болот

Кургак учукту жеңсе болот

Акыркы 10-15 жылдын ичинде өлкөдө кургак учукка кабылгандардын жана андан көз жумгандардын саны кескин азайган. Бирок коомчулукта бул оорулууларга карата кодуулоо жана басмырлоо жоголгон жок. Мындан улам адистер кургак учук жөнүндө маалымат берүүнү көбөйтүү керектигин белгилешет. Анткени акыркы учурдагы дарылануу технологиясынын жардамы менен бул дарттан жүз пайыз айыгып кетүүгө толук мүмкүн. Бурулай Шергазиеванын материалында бул дартты жеңген мекендештердин эрдиги, ошол учурдагы психологиялык абалдары жана аларды жеңүүгө эмне жардам бергени боюнча баяндалат.

Андрей кургак учукка кабылганын абакта жазасын өтөп жатканда билген. Албетте дарты ошол учурдагы абалына кошул-ташыл болгон. Азыр бирок абалы жакшы. Бул дартты жеңип, эркиндикке чыкканына да 1,5 жыл болду.

—Абакта жаткан учурда ооруп калдым. Албетте жаман болдум. Бирок дарыланып, баары жакшы. Ооруган учурда мени башка абакка которушту. Ал жакта даарыландым. Абакта мен сыяктуу ооругандар көп болгон үчүн кодулоого кабылган эмесмин.

Ал эми Фатиманын бул дартка кабылганы Орусияга барганда билинген. Көрсө бала кезде дарыланып кайра айыккан Фатиманын оорусу нымдуу жерде иштеген үчүн козголгон экен. Дарыгерлердин ар бир айтканын аткаруу керек деген каарман бул дартты жеңүүгө толук мүмкүн дейт. Бир кездерде өзү да бул ооруга кабылган замандашыбыз, учурда өзү сыяктууларга жардам берүү менен алек.

-Орусияда фитнес клубда иштеп калдым. Иштеген жеримде нымдуулук болгондуктан, оорум козголуптур. СССР учурунда дарылар ооруну жок кылбай ошол туберкулез таякчаларынын көбөйүшүн токтотуп койчу экен. Меники да ошондой болуптур. Эми алар жок. Анткени дарыландым. Азыркы дарылоо методу абдан жакшы, бейтап 100% сакайып кете алат. Ошондуктан, мен аларга элдик дарылануу методун колдонбогула демекмин. Алар убактылуу жана өзүңдү өзүң алдоо дегендик.

Маалыматка ылайык, өлкөдө кургак учукка кабылгандардын көрсөткүчү азайган. Мисалы 2017-жылы өлкө боюнча 5 миң 570 оорулуу катталса, 2016-жылы бул көрсөткүч 5680 болгон. “Ал эми Бул оорудан көз жумгандардын эң көп 2001-жылы катталган. Андан бери бул көрсөткүч 5 эсеге азайган”,- дейт Улуттук фтизиатрия борборунун жетекчиси Абдулат Кадыров.

-Кургак учукка чалдыккандардын стабилдүү түрдө азайды. 2017-жылы 100 миң калктын санына карата 90 түзсө, 2001-жылы салыштырмалуу 168 түзгөн. Акыркы учурда 3 эсеге азайттык. Ошону менен катар өлүм көрсөткүчү да азайган.

Бирок коомчулукта бейтаптарга карата кодулоо жана басмырлоо азайган эмес. “Кургак учукту жеңебиз” долбоорунун адиси Темир Төлөгөнов бейтаптарга болгон мамилеге көп эле учурда күбө болгон. Жада калса коомдук транспортто жөн эле жөтөлгөн кишиге эл башкача карайт дейт.

-Сокулуктагы бир айылда ушул дартка чалдыгып, бир киши каза болду. Анын жакындары ага эл чакырып, куран окутмай болушту. Бирок айылдаштары жугат деп коркуп келбей коюшуптур. Каза болгон кишиден эмнеге жукмак эле. Кургак учук абадан гана жугат. Эл дагы деле жакшы түшүнө элек.

Расмий маалыматтарга ылайык, дүйнөдө жыл сайын 1,5 млн киши кургак учуктан көз жумат. Мындан улам Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 1993-жылы кургак учукту глобалдык көйгөй катары жарыялаган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...