Акыркы макалалар

18-мартта өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

18-мартта өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

2018-жылдын 17-18-мартында туруксуз аба-ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү коркунучу сакталат,-деп билдирет Кыргызгидромет борбору. Бишкек-Ош автоунаа Төө-Ашуу, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы, Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-99 чакырымдарында, Красная Горка - Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат автоунаа жолунун 67-94 чакырымдарында (Кара-Көө ашуусу) кар көчкү түшүшү мүмкүн.

Эртең, 18-мартта Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2...3, күндүз 18…23;

Талас облусунда түнкүсүн -3…2, күндүз 17...22;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 17…22;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 7…12;

Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -2…3;

Эртең, Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3, күндүз 20…22 градус болот.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...