Акыркы макалалар

Каныбек Осмоналиевге кылмыш иши козголуп, УКМКга чакыртылды

Каныбек Осмоналиевге кылмыш иши козголуп, УКМКга чакыртылды

Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты Каныбек Осмоналиевге кылмыш иши козголуп, УКМКга чакыртылды. Бул тууралуу Осмоналиев өзү да тастыктап, таң калып жатканын айтты.

Анын айтымында, 2014-жылы депутат болуп жүргөндө буйрук менен мага каршы иш козголгон болчу. Аны далилдей албай 2015-жылы 8-октябрда Башкы прокуратура ишти жапкан. Андан бери жаңы парламент, жаңы президент келди. Бирок оң жана терс окуяларга карата өз оюмду айтып жүргөн. 15-мартта УКМКдан чалып ошол иш боюнча чакырышты.

-Мен «ал иш бүтпөдү беле» десем «келгенде такташабыз» дешти. Бүгүн барсам ошол эле ишти эч нерсе кошпостон кайра ачышыптыр. Шаардын аймагынан эч жакка чыкпоо тууралуу кагазга кол койдуруп алышты. Мага «эч жакка чыкпашыңыз керек, ишти Башкы прокуратурага жиберебиз» дешти. Менин ачуу сындарды айтканым үчүн тилимди тыйганы жатышат окшойт.

Эске салсак, 2014-жылы Каныбек Осмоналиев депутат кезинде Кыргыз-Орус Славян университетинин медициналык факультетине 24 абитуриентти мыйзамсыз кабыл алууга тиешеси бар деп кылмыш иш козголгон. Саясатчы жана илимпоз бул ишти саясий буйрук деп атаган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...