Акыркы макалалар

Сиз менен бир тармакта иштеген кыргызстандыктар канча айлык алышат? (инфографика)

Сиз менен бир тармакта иштеген кыргызстандыктар канча айлык алышат? (инфографика)

Кыргызстанда ар кыл тармакта иштегендердин жакшы деп эсептелген айлыктарынын рейтингин түздүк

Ар түрдүү тармакта иштеген жарандарга кандай маяна төлөнөрүн Улуттук статистика комитети аныктап чыккан.

Ведомствонун маалыматына караганда, баарынан жакшы айлыкты финансы жана камсыздандыруу жаатында иштеген кызматкерлер алат. Тагыраагы, маянасы 35 миң сомго жетет.

Экинчи орунга маалымат жана байланыш тармагындагылар чыккан, алардын айына иштеп тапкан акчасы 30 миңдин тегерегинде болду.

Үчүнчү катарга энергетика жаатында эмгектенгендер чыгып, алардын 29,3 миң сом алары айтылды.

Эң аз маяна алгандардын катарына эс алуу жана көңүл ачуу жаатында иштегендер 8,5 миң сому менен кирди. Ал эми медицина кызматкерлери алардан 1,5 миңге көбүрөөк табат экен. Фермерлердин каражатын эсептей келгенде айлыгы 10 миң сомго чамалап барары белгилүү болду.

Буга чейин Sputnik Кыргызстан мамлекеттик кызматкерлер тууралуу кызыктуу фактыларды даярдаган.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...