Акыркы макалалар

Парламентаризм азаптары

Кыргызстанда мурунтан илең-салаң иштеп келген башкаруу системасы четинен урап, жаңысы калыптанбаган дендароо абалды баштан кечирип жатат. Юридикалык жактан өлкө парламенттик башкарууда дегенибиз менен иш жүзүндө башаламандык КЫРГЫЗ БИЙЛИГИНИН бутунан башына чейин уюп турган чагы. Конституциянын гаранты Президент Алмазбек Атамбаев саясый кризистен пайдаланып, өзүнө пайдалуу шартта гана көрүнө калып, өз кадрларын бийликтин сересине сүйрөгөнү менен анын ишенген чиновниктери мамлекет үчүн жарытылуу иш кыла алган жок. Парламент өз ара тирешүүнүн ордосуна айланды. Социалдык-экономикалык маселелер унутта калды. Мамлекеттин экономикалык дефольтко туш келгенин билген өлкө башчыларынын кенебестиги көкөйдү кесип туру. Ошентип, парламенттик башкарууга багыт алган Кыргызстан карайлап турат. Кайсыл тармакты албайлы кризис. Парламентаризмдин азаптарына чыдаганга элибиздин эрки жетер бекен? Кеп мына ушунда турат.

Тышкы саясат. Өлкөнүн эл аралык алакасын аныктаган Президент Атамбаевдин бүгүнкү күндө так позициясы жок. Тышкы саясаттагы иш-аракети деле өз жемишин бере элек. Президент азырынча карыз суроо менен алек. Арийне, Конституция боюнча экономикалык саясатка Премьер-министр жооп бериши керек эле. Экономикалык сүйлөшүүлөргө, форумдарга Президенттин барып жатканы түшүнүксүз. Парламентаризмдин азаптарынын бири ушу. Макул, Президент экономика боюнча сүйлөшүүлөдү жүргүзсүн, бирок, натыйжа жок болуп атпайбы. Отунбаева, Атамбаевдин бийлиги келгенден бери эл аралык масштабдагы бир дагы ири долбоор ишке аша элек. Маселен, кошуна Тажикстанда Кытайдын, Ирандын, Россиянын инвесторлору менен биргеликте ири долбоорлорду бүтүрүп жатышат. Кытай инвесторлору ал жакта өндүрүш кубаттуулугу боюнча Орто Азияда кездешпеген цемент заводун, Иран өлкөсү, Россия инвесторлору ГЭСтерди курушууда. Жакында эле Тажикстандын түштүгү менен түндүгүн бириктирген туннелди замапбап шартта курушуп ишке беришти. Ал эми Кыргызстандачы? Азербайжан өлкөсү нефтини кайра иштетүүчү завод куруп берүүгө убада берген. Тилекке каршы, убада сөз бойдон калды. Экс-Премьер Бабанов баш болуп Катарга барып, олчойгон инвестиция тууралуу ооз көптүрө сүйлөгөн жайы бар. Ал эмес Катардын Эмири Кыргызстанга ырасмий иш сапары менен келет деген «өрдөктөр» учкан. Келген жок. Мына мамлекетибиздин тышкы саясаттагы жүзү! Учурда Кыргызстан менен Россиянын эки тараптуу алакасын дурус дешке негиз бар. Арийне, мында Ажобуздун салымы чоң деп айтууга болбойт. Анткени, Россиянын Нарын дарыясына ГЭСтерди курууну колго алышы, бул саясый чечим экени «Иттин уулу Байгарага» деле белгилүү. ГЭСтин долбоорун россиялыктар түзөт, каржы менен камсыз кылат, чыгымы акталмайынча өзүлөрү башкарат. Мында кыргыз бийлигинин кымындай салымы байкалбайт. Тышкы экономикалык саясаттагы абал биз билгени ушундай. А эгер сүңгүп кире турган болсок, кырдаал кубанарлык эмес экени бештен белгилүү.

Экономика. Кыргызстандын бюджетиндеги тартыштык 30 миллиард сомду чапчып турат. Ал эле эмес кыргыз Өкмөтү “Кумтөр” алтын кенинен келерки жылдын эсебинен түшө турган салыкты дагы “жеп” коюшту. Мындай абал Кыргызстандын 20 жылдык тарыхында болгон эмес. Ушул жылдын 9 айынын жыйынытыгына көз жүгүртсөк, “Кумтөрдө” алтын өндүрүү дээрлик 70 пайызга төмөндөп кеткен. Агрардык тармакта түшүм ойдогудай болбой, быйыл дагы жут болуу коркунучу жаралууда. Ветеринардык “диверсиянын” кесепетинен түштүктөгү фермерлер миңдеген коюнан ажырады. Бөйдө чыгымга учураган жарандарыбызга компенсация төлөп берүүгө Жогорку Кеңештеги көпчүлүк фракция каршы добуш берди. Бул парламентаризмдин азабы эмей, эмне? Дыйкан келерки жылга эмне эгүү керек экенин билбей башы маң болуп турганда, Жогорку Кеңештин депутаттары мамлекеттик деңгээлде чара көрүүнүн ордуна, “энең байтал” айтышып отурат. Өткөн жылы 7 пайыздык үстөгү менен 650 миллион сом бөлүнсө, быйылкы жылы 700 миллион сом бөлүндү. Жаштар министрлигинин алдындагы «Ала-Тоо Финанс» микрокредиттик агенттиги тарабынан 525 миллион сомдук жеңилдетилген кредитти 13,5 миң адам алганы менен натыйжа ноль. Агрардык сектор жыл сайын кризистин туңгуюгуна сүңгүп баратат. Курулуш тармагына бюджеттен бир тыйын капиталдык салымдар болгон жок. Курулуш негизинен жеке ишкерлердин эсебинен жүрүп жатат. Экономиканын локомотиви болуп бере алчу кийим тигүү тармагы 9 айдын ичинде төрттөн бир эсеге кыскарды. Анткени, Бажы союзуна кирген өлкөлөрдүн эрежелеринин талабы күчөгөнүнө байланыштуу кийим тигүү өндүрүшүнүн продукциясына болгон суроо-талап азайып кеткен. Кыргызстандын Бажы союзуна кирсе, анын экономикага тийгизе турган дурус жана буруш жактары тууралуу Жогорку Кеңештин, кыргыз Өкмөтүнүн ачык позициясы байкала элек. Сүрмө топко кошулуп эле, “Союзга кирүү зарыл” деп атат Ажобуз баш болуп. Эгерде, Кыргызстан Бажы союзуна мүчө боло турган болсо, жумушчу күчүнүн эркин жүрүшүнө шарт түзүлөт экен. Анда дарыгер, мугалим жана башка орто катмардагы адистерибизден кол жуудук дей бериңиз. Казакстан учурда 15деген врачка зар болуп отурат. Андан калса аларда бизге караганда айлыгы көп. Бажы союзуна кирүү үчүн орто катмардагы кызматкерлердин айлык акысы кошуналар менен бирдей болушу абзел. Ансыз жумушчу күчүнөн ажырап калуу иттен оңой. Же азыркы бийлик эптеп Бажы союзуна кирип, ансыз деле жарыбыган айлыкка жан багып жатышкан, каржалган жашоодон кыйналган элибизди чачып кутулганы калдыбы?

Өнөр жайы. Кыргызстандагы кайсыл гана кен тармагын албайлы, экологиялык кыйроого негиз болчу факторлорду табууга болот. Ал эмес алтын чыккан жердин кен байлыгын топурагы менен кошо Кытайга ташып кетип жаткан ишкерлерди кой деген эч ким жок. Деги эле кен байлыктарды кыргыз элинин пайдасына иштете турган заманбап мыйзамдык база жазыла элек. Азыркы депутаттардын андай мыйзамды жазууга чамасы жетпейт. Демек, алтын кендерибиздин пайдасын көрүүгө үмүт артууга али эрте. Жаңы бийликтин келиши менен ички өндүрүштүн жанданышына таптакыр шарт түзүлгөн жок. Өлкөдө курулуш материалдарына талап күчтүү болгондуктан, Канттагы цемент заводунун эле көзүн карап отура бербей региондордогу "Технолин", "Курментыцемент" ишканаларын ишке киргизүү керек болчу. Тилекке каршы, аталган ишканалар жакында ишке кириши күмөн. Канттагы нефтини кайра иштетүү заводун ишке киргизүү боюнча Өкмөттүн токтому чыккан. Токтомду тоготкон эч ким жок. Завод былк этпей турат. Кытай инвесторлорунун жардамы менен курулуп жаткан Кара-Балтадагы нефтини кайра иштетүүчү заводу санитардык проблемалары боюнча жергиликтүү калктын нааразычылыгын жаратууда. Таластагы картошканы кайра иштетүүчү заводу жүгүртүүчү каражаттын жоктугунан ишке берилбей турат. Айтор, айта берсе арман көп дегендей өлкөнүн өнөр жайы өмгөктөп араңжан абалды башынан кечирүүдө.

Башкаруу органынын ана башында турган Жогорку Кеңеште аталган тармактар боюнча конкреттүү мыйзамдар кабыл алынбай, иш чаралар жүргүзүлбөгөндүгүнүн кесепетинен өлкө кризистик абалга кептелип туру. Министрликтерге кадрды тандоодо ар бир партия-фракция “өзүнүн короосунан кочкор коюу” принциби менен иштегендиктен тармактар талкаланууда. Буга Жогорку Кеңештин шайлаган министрлеринин бири дагы жооп бере элек. Демек, парламентаризимдин азаптарынын бири дал ушул. Азыр Кыргызстандын карапайым эли чет жакта иштеп жүргөн мигранттардын эсебинен жан багып келатышат. Кийинки учурларда Россияда мигранттардын орус тилин милдеттүү түрдө билүү талабын коё баштады. Ошондой эле келерки жылдан баштап Казакстанда эмгек мигранттарына чектөө киргизмекчи. Кыргыз бийлиги мигранттардын тагдырын ойлоп, жумуш менен камсыз кылуу боюнча олуттуу ойлорун билдирише элек.

Наралы Асанбаев

«Жаңы Ордо», 9-ноябрь 2012-жыл, №34 (378)

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...