Акыркы макалалар

Талас: тиккен жылы эле түшүм берген алма

 Талас: тиккен жылы эле түшүм берген алма

Он беш жылдан ашуун төө буурчак экспорттоп ишкерлик кылган Миргазы Оморов соңку үч жылдан бери Таласта бизнестин башка түрүн жайылтууда. Учурда Миргазы Оморовдун Сербия, Польша, Түркия сыяктуу мамлекеттерден алып келген алма көчөттөрүн Таласта жүздөгөн дыйкандар гектарлаган жерге отургуза баштады.

Таластын Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылынын тургуну Айдарбек Шабданов негизинен дыйканчылык менен алектенет. Былтыртан бери багбанчылыктын сырларын үйрөнүүнү чечип, үч гектар жерге Европадан келген алманын көчөтүн отургузган.

- Миргазы Оморов деген жигиттен ары ойлонуп, бери ойлонуп жатып былтыр алты миң көчөт алдым. Бирин-серини отургузган эле жылы гүлдөдү, төрт айда мөмөсүнөн ооз тийдик. Быйыл бүчүр байлап турат. Буга чейин биз базардан эле көчөт сатып алып, огородго тигип койчубуз да. Бутаганды билбейбиз, эми үйрөнүп жатабыз. Булардан көчөт алгандан кийин "эки жыл мындай бутагыла, тигиндей жер семирткич бергиле, жалбырагына мындай дары чачкыла" деп көрсөтүп жатат. Мага ошонусу жакты.

Жергиликтүү дыйкандарга алма өстүрүүнү үйрөтүп жаткан ишкер Миргазы Оморов бул бизнестин өзгөчөлүгү тууралуу мындай деди:

- 2014-жылы эки гектар жерге алма тигип эксперимент кыла баштаганбыз. Ар кандай сортторду алып келдик. Ошол жылы эгилген көчөттөрдөн 2016-жылы сегиз тонна түшүм алдык. 2017-жылы 14 тонна алма алдык. Биз тандап алып келген беш сорт - бул дүйнө жүзүндөгү биринчи 10 орунда турган алмалар. Кыргызстандын климаты жакшы кабыл алып, өсүп атат.

Миргазы Оморовдун айтымында, Европадан алып келген алманын айдаред, голден, грин смит, редчив супер чив деген түрлөрү үч жылдан кийин түшүм бере баштайт. Алманын ар бир көчөтү 150 сомдон бааланууда. Оморовдун айтымында, буга кошумча, кардарга чет элден келген агрономдор эки жылдык бекер кеңеш беришет.

- Бул ишти бизнес катары караш керек да. Биздин баягы кыргызча мамиле кылган болбойт. Эгип коюп, карабай малга жегизип, сугарбай койсо өспөйт. Ошон үчүн эки жыл өзүбүз көзөмөлдөп турабыз. Көчөттү отургузарда топурактын, суунун анализин алабыз. Өзүбүздүн лабораториябыз бар. Алмага керектүү азыктарды аныктап, андан кийин баягы көчөттөрдү сатабыз. Бизден алган көчөттү таштак же саздак жерге тигип коюп, "болбой калды" деген жарабайт. Анан алманы отургузуп коюу менен иш бүтпөйт. Булар да ар кандай ооруга чалдыгат. Жалбырагына бере турган дарынын ичиндеги элементтерди алып келип жатабыз. Жарнамасы жакшы болгон дарыны да ой келди себе берген туура эмес. Дыйкан күйүп кетпешине кепил болуп, ошого жогорудагыдай талаптарыбызды коюп атабыз. Түшүмгө киргенде гана толугу менен дыйкандын колуна карматабыз.

Жаш ишкер жасап аткан иши менен ириде өлкө экономикасына салым кошууну көздөйт экен:

- Азыр эң чоң маселе - кыргыздын алмасын дүйнөлүк рынок тааныбайт.Анткени бизден 500 тонна алма алабыз деп кардар келсе, бир өңчөй сорттогу алма жок. Алманын бир эле түрү өлкөнүн булуң-бурчунда ар башка аталат. Топтоп бере албайбыз. Ошон үчүн азыр Кыргызстандын алмасын сатыш өтө кыйын. Биз, дыйкандар жалкоолуктан эле чыксак жакшы болот эле. Биздин былтыркы анализдер боюнча 1 миллион 100 миң тонна алма Орусияда тартыш экен. Ошону биз толтурсак болот. Өзүбүз өткөн жылы бакча ачтык. Быйыл алманы кыйыштырып, келечекте Кыргызстандын атаандашыкка туруктуу болгон өзүнүн алмасын чыгарабыз деген ойдобуз.

Миргазы Оморовдун аракетин жергиликтүү бийлик да колдоп жатат. Бул боюнча өкмөттүн Талас облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Канимет Осмонбеков мындай деди:

- Бул дүйнөдөгү рынокто атаандаштыкка ыңгайлуу алмалар экен да. Өндүрүм дайыма болот. Миргазынын пландары жакшы. Төө буурчак сыяктуу кылып ар бир айылда алманы ала тургандай пункттарды уюштурам деп атат. Эл коркпой эле койсо болот дейт. Чакан муздаткычтарды уюштуруп, алманы сактап сатабыз дейт. Биз өзүбүз төө буурчакты жебейбиз да. Алманы болсо жыл бою жейбиз.

Азыркы тапта Миргазы Оморовдун Европадан алып келген алмалары Кыргызстан боюнча 470 гектар жерге, анын ичинде Таласта 100 гектардан ашык жерге тигилген.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...