Акыркы макалалар

Асанбаев: “Мекендештин күбөлүгү” 2019-жылдан тарта бериле баштайт

Асанбаев: “Мекендештин күбөлүгү” 2019-жылдан тарта бериле баштайт

2019-жылдан тарта чет өлкөнүн жарандыгын алган кыргыздарга “Мекендештин күбөлүгү” аттуу күбөлүктөр бериле баштайт. Кыргызстандын жарандыгынан чыккандарга өзгөчө статус киргизүү боюнча иштелип чыккан «Мекен карт» демилгесинин мыйзам долбоору колдоо тапса, ушул жылдын октябрь айына чейин документ иштери бүткөрүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары Алмаз Асанбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, «Мекен карт» кыргызстандыктардын мекенине кайтып келүүсүнө өбөлгө түзөн демилге. Бул документтин негизинде чет өлкөнүн жарандыгын алган мекендеш Кыргызстанга визасыз кирүүгө укук алат. Мындан сырткары өлкөдө каттоого туруу маселеси жеңилдейт.

Маалыматка алайык, «Мекендештин күбөлүгү» укуктук жактан караганда Кыргызстанда туруктуу жашоого уруксат берген документтин мүмкүнчүлүктөрүн өзүнө камтыйт. Аны алган киши ошол эле учурда чет өлкөнүн жараны болуп кала берет. Алсак, өлкөдөгү шайлоолорго катышууга, саясий кызматтарга келүүгө мүмкүнчүлүк бербейт. Бирок жеке менчик сектордо иштөөгө, турак жай же менчик ишканаларды сатып алууга уруксат берет.

«Себеби чет өлкөнүн жарандыгын алган мекендештер Кыргызстандан жер алып, там сала албайт. Натыйжада барган мамлекетинде жашап калууга аргасыз болушууда. Алсак, Орусияда жөлөк пулдар жыкшы төлөнөт. Эки балалуу болгон жарандарына жер участогун бекер беришет. Мындан сырткары Кытай дагы Кыргызстандан баргандарга өзгөчө шарттарды түзүп, жумуш менен камсыздап, турак жайларды куруп берген. Аны менен чет өлкөдөн кайткан кыргыздардын агымы азаюуда,» — дейт Асанбаев.

Анын белгилегенине караганда, учурда «Мекен карт» демилгесинини концепциясы бекитилип, эксперттерге тапшырылган. Күбөлүктү алуунун шарттарын жеңилдетүүнүн үстүндө иштер жүрүп жатат. Аны менен катар электрондук форматты дагы иштелип чыгат.

Кошумчалай кетсек, «Мекен карт» долбоорунун негизги максаты чет өлкөнүн жарандыгын алган кыргыздардын Кыргызстан менен болгон байланышын үзбөй кармап калуу жана аларга ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат. Бүгүнкү күндө 700 миңге жакын Кыргызстандын жарандары чет өлкөдө иштеп же жашап жүрүшөт. Алар — окууга барган студенттер, туристтер, эмгек мигранттары жана саякатка барган туристтер.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...