Акыркы макалалар

Бүгүн «Бешик ыры» республикалык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланат

Бүгүн «Бешик ыры» республикалык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланат

14-мартта «Бешик ыры» республикалык сынагы жыйынтыкталат. Ага карата уюштурулган иш-чара Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук Консерваториясында өтөт. Бул боюнча Роза Отунбаеванын демилгеси эл аралык коомдук фондусунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган сынак өткөн жылдын июнь айынан ноябрына чейин созулган. Ага 47 катышуучудан 55 ыр келип түшкөн. Ырларды композитор Муратбек Бегалиев башында турган калыстар тобу кылдат карап чыгып, алардын ичинен 15 ырды мыкты деп табышкан.

Белгилүү болгондой, Роза Отунбаеванын демилгеси эл аралык коомдук фондусу мыкты деп тапкан 15 бешик ырды дискке жаздырып, жарыкка чыгарды.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...