Акыркы макалалар

Түркияда кыргызстандык студенттин ыр китеби жарык көрдү

Түркияда кыргызстандык студенттин ыр китеби жарык көрдү

12-мартта Түркиянын Анкара шаарында жаш калемгер Дыйканбек Шамшидин уулунун «Ырлар менин аярлаган казынам» аттуу ыр китебинин бет ачары өттү.

Иш-чарага мугалимдер, Түркияда окуган кыргыз студенттер жана поэзия ышкыбоздору катышты.

Жаш акындын мекендештер, патриоттук темадагы айрым ырлары түрк тилине да которулган.

Дыйканбек Шамшидин уулунун аталган алгачкы ыр жыйнагы Кыргызпатенттин колдоосу менен чыгарылган.

Бир катар конкурстардын женүүчүсү болгон жаш калемгер учурда Анкара шаарындагы Йылдырым Бейазит университетинин тарых бөлүмүнүн магистранты.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...