Акыркы макалалар

Токтогул ГЭСинде иштелип чыккан электр энергиясынын баасы 16 тыйын

Токтогул ГЭСинде иштелип чыккан электр энергиясынын баасы 16 тыйын

Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү боюнча мамлекеттик комитеттин төрага орун басары Азамат Оморов Жогорку Кеңеште депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, Токтогул ГЭСинен чыккан электр энергиясынын баасы 16 тыйын, Бишкек жылуулук энергетикалык борборунан иштелип чыккан электр энергиясынын өздүк баасы 3 сом 09 тыйын. Отун-энергетикалык энергетикалык комплексти тескөө агенттиги бекиткен тариф боюнча, электр энергиясынын орточо баасы 4 сом 70 тыйын.

Жогорку Кеңеш учурда "Электр энергетикасы жөнүндө" мыйзам долбоорун 2-окууда карап жатат. Айрым депутаттар электр энергиясынын өздүк баасына, алыскы тоолуу аймактарга, жаңы конуштарга электр энергиясын жеткирүүдөгү жоопкерчилик жана башка маселелерди көтөрүштү.

Депутат Кенжебек Бокоев жаңы конуштарга электр энергиясын жеткирүү энергетикалык компаниялардын жоопкерчилигинде болушу керек деп талап кылды:

- Электр энергиясы товар болсо, линиялар дүкөн дейли. Ошол дүкөндү компания өзү курсун да. Эмне үчүн булар союздан калган зымдар менен барган электр энергиясын сатып, пайда көрүп отура бериши керек?

Депутаттын суроосуна жооп берген өкмөт өкүлү жаңы конуштарга алгач инфраструктуралык шарттарды түзүп, андан кийин турак жай тургузуу маселесин кароо биринчи орунда деп билдирди.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...