Акыркы макалалар

Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүп, унаа жол жабылды – ӨКМ

Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүп, унаа жол жабылды – ӨКМ

13-мартта болжол менен кечки саат 22:40 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымында (Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшкөн. ӨКМден кабарлашкандай, унаа жол жабылган.

Алдын ала маалыматка караганда жабыркагандар жок.

Жолду кар көчкүдөн тазалоо үчүн атайын 40дан ашуун куткаруучу жана техникалар тартылган.

“Учурда Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымы тазаланууда”,-деп кабарлашты ӨКМнин басма сөз кызматынан.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...