Акыркы макалалар

Белгилүү физик Стивен Хокинг көз жумду

Белгилүү физик Стивен Хокинг көз жумду

Дүйнөгө белгилүү англис физик-теоретиги Стивен Хокинг 77 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу BBC үй-бүлө өкүлдөрүнө таянып билдирген.

Хокинг — физик-теоретик, белгилүү илим популяризатору жана 10 миллион нуска менен тараган “Убакыттын кыскача тарыхы” китебинин автору.

1963-жылы 22 жаштагы Хокингге каптал амиотрофикалык склероз диагнозу коюлган. Дарыгерлер ошол тапта ал болгону эки-үч жыл жашайт деп эсептешкен. Бирок алардын божомолдору акталбай окумуштуу илимий ишин улантып, эки жолу үйлөнүп жана үч баланын атасы болгон. Толук шал болуп калса дагы Хокинг активдүү өмүр сүрүп – илим менен алектенип, сабак берип, баяндамаларды жасап, дүйнө менен кептин компьютердик синтезатору аркылуу пикир алышып келген.

Булагы: РИА Новости

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...