Акыркы макалалар

Баткенге коно албаган жүргүнчү учак Бишкекке кайтып келди

Баткенге коно албаган жүргүнчү учак Бишкекке кайтып келди

Бүгүн, 13-мартта Баткен шаарына учуп барган “Тез Джет” компаниясынын учагы аба-ырайынын начар шартынан улам коно албай, Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары жазышты.

Маалымат боюнча, 60 жүргүнчү Бишкектен Баткен шаарына билет алышкан. Учурда бир катар жарандара Ош аркылуу учууну чечишти, башкалары бейшемби күнү учууну чечишкен, калгандары билеттин акчасын кайтарып алышты.

Эске салсак, 2018-жылдын 1-мартында “Тез Джет” авикомпаниясынын RJ-85 учагы Бишкектен Баткенге бара жаткан жолдон кайра кайрылып, “Манас” аэропортуна авариялык конууну аткарган. Анда учкучтар сол кыймылдаткычы иштен чыкканына байланыштуу диспетчерлер аркылуу авариялык конууга уруксат сураган.

Аталган учак аэропортко саат 14:52 чамасында аман-эсен конгон, учактагы 96 жүргүнчүнүн эч кимиси жабыркаган эмес.

КР Жарандык авиация агенттиги аталган окуя боюнча иликтөө жүргүзүү үчүн комиссия түзгөн.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...