Акыркы макалалар

Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн биринчи workout аянтча ачылат

Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн биринчи workout аянтча ачылат

Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн биринчи атайын Street workout аянтчасы курулат. Бул тууралуу атамекендик воркаут федерациясынын президенти Тамерлан Богатырев билдирди.

Анын айтымында, бүгүн атайын аянтчага делген жабдыктардын 80% орнотуп бүтүштү.

Объект жаштарды өнүктүрүү институтунун жана Бишкек шаардык өнүктүрүү агенттигинин колдоосу менен курулууда.

Аталган спорттук курулуш Тыныстанов көчөсүндө жайгашып, К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасынын аймагында орун алган.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...