Акыркы макалалар

Акча – колдун кири. Бирок кээде ушул кирде ооналактаган чочко болуп кеткиң келет!

Акча – колдун кири. Бирок кээде ушул кирде ооналактаган чочко болуп кеткиң келет!

2018-жылы биздин улуттук акчабыздын киргизилгенине 25 жыл болот. Чейрек кылымды башынан кечирген сомубуздун тарыхы өтө кызыктуу болду, ага байланыштуу айрым нерселер валютабызды иштеп чыккандар үч уктаса да түшүнө кирбейт эле!

ЖАШЫРУУН ИШТЕР...

Оолукма 90-жылдардын башы. КМШ чөлкөмүндө колдонуп келген рубль таскактаган гиперинфляцияны кууп жеталбай калган. Так ошол жылдары Кыргызстан Шериктештикке кирген республикалардын ичинен биринчилерден болуп өз валютасын кигизүүнү чечти. Тарыхый булактарга тайануу менен майдасы тыйын, ал эми негизги валюта сом деп аталды.

КР сүрөтчүлөрүнүн арасында мыкты дизайнга жабык сынак жарыялап, аны утуп чыккан Д.Лысогоровго жаңы акчанын эскиздерин иштеп чыгууну тапшырышты. Эмне үчүн жабык? Анткени өз маалына чейин бул иштердин бардыгы жашыруун болчу, ал эмес сынакта жеңип чыккан сүрөтчүнүн ысмы дагы. Бардыгы жашыруун болгондуктан ал эмес акчаларда алар басылып чыккан дата дагы көрсөтүлгөн эмес. Акчаны киргизүүнүн максаты – Кыргызстанга өз алдынча экономикалык саясатты жүргүзүүгө шарт түзүү эле, а мында атаандаштар канчалык аз билсе, ошончолук жакшы эмеспи...

Ооба, биринчи акчалар Улуу британияда заманбап жабдыктарда басылып чыкканы менен колдонууга бир аз ынгайсыз болуп калды. Тыйындардын формасы дээрлик төрт чарчы болуп, сыры колго жабышып, чыгат эле, ал эми сомдор азыркыдай эмес, бардыгы бир өлчөмдө болуп, акча төлөп жатканда адамдар көп чаташчу, темир тыйындарды чыгаруу анда ойдо да жок болчу.

1993-жылдын май айында эски акчаны жаңыга 200 рубль - 1 сом курсу менен алмашытруу башталды, ал бир нече күн жүргүзүлдү. Андан бери акчалардын бир нече эмиссиясы болду, улам жаңысы менен сом андан да коозураак, коргоосу жакшыраак боло баштады, ал эми тыйындар болсо инфляциянын айынан дээрлик колдонуудан чыгып калды...

АКЧА ӨЗ НОМИНАЛЫНАН КЫМБАТ БОЛГОНДО

2017-жылдын биринчи январында Кыргызстандын Улуттук банкы 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы жакшыртылган банкноттордун IV сериясын жүгүртүүгө чыгарды. Дизайны жалпысынан өзгөргөн жок, бирок коргоо элементтери жакшыртылган.

КР УБнын башкармалыгынын мүчөсү А.Сыдыковдун билдирүүсүндө, ушул номиналдагы акчаларды эл баарынан көп колдонот экен.

Бирок ноябрь келип, республикабыздын башкы банкынын жетекчиси Кыргызстандын 25 жылдыгынын урматына жана 2018-жылдагы сомдун юбилейине карата элге жагышы мүмкүн эң оригиналдуу банкнота чыгарыла турганын билдирди. Анын айтымында, эл эсептешкенге ыңгайлуу болушу үчүн миң сомдук менен беш миң сомдук купюралардын ортосундагы акчанын чыгарылышын суранган имиш.

Жыйынтыгында жаңы чыгарылган 2000 сомдук ыңгайлуу жана кооз гана эмес, анын дизайны да таптакыр башкача болду – ал форматы тигинен болгон акча. Бир жагынан – боникалык раритет, башка жагынан – колдонууга жараган кадимки эле акча.

Сөзсүз, жаңы акча кооздугу менен көздүн жоосун алат, анда көп ачык түстөр, коргоо элементтери колдонулган, чоң чеберчилик менен тартылган сюжеттер мамлекетибиздин маданий байлыгын даңазалоону көздөйт. Бул жерде эпикалык Манас да, ыйык Умай Эне да, боз үй менен дарак да, Хан Теңиринин чокусу да, Ысык-Көлдүн үстүндө калкып учкан бүркүт да бар...

“Бирок 2000 сомдук банкнотанын тиражы элге белгисиз бойдон калгандыгы бир аз иренжитет, ошондуктан “тик форматтуу” акча бир гана жолу басылып, кийин кайра басылбай тургандыгын эске алсак, анын кеңири колдонууга чыгарылышы күмөн, - деди “Жаңы жүздөр” гезитине экономист Кудрат Жалилов. – Бул жалпысынан алганда, раритеттик акчалар, убакыттын өтүшү менен алардын баасы өсүп гана турат, ошондуктан колунда мындай акчалар барлар аны колдонушпайт, сактап коюшат, инфляция кийин 2000 сомдук акчанын наркын азайтып коет деп чоочулашпайт”.

Чынында эле, кыргызстандык Whatsapp-топтордо бул күндөрү эле айрымдар тик банкнотаны 2250 сомго сата тургандарын билдиришкен. Бизде сатып алып чет жерге алып чыккан нумизматтар аны андан да кымбат сатышууда. Мисалы, Новосибирск шаарынын бир тургуну аны лотко чыгарып, баштапкы баасын 2350 рубль (болжолдуу 2773 сом) деп койгон.

ТАЗА АЛТЫНДАН ЖАСАЛЫП, БРИЛЛИАНТТАР МЕНЕН КООЗДОЛГОН СОМ

Тик акчалар убакыттын өтүшү менен дагы кымбаттайт болушу керек, ошондуктан “эки миң сомдуктар” колунда барларга аны сактап койгула деп кеңеш берет элек, келечекке капиталыңар болсун. А эмне экен? Ошол эле Улуттук банк чыгарган монеталарды билермандар баркташат эмеспи, балким кагаз акчанын да баасы өсөттүр...

Баса, монеталар тууралуу. Улуттук банктын тапшырыгы менен бардыгы болуп шыңгыр үндүү валютанын 63 коллекциялык түрү басылып чыккан. Алардын катарында жез-никелден, мельхиордон жана кымбат баалуу металлдардан жасалгандары бар. Акыркы жылдары кандай гана түрдөгү монеталар чыгарылбады: ромб түрүндөгүлөр, сүйрүлөр, илбирстин көзүнүн ордуна Сваровски кристаллдары чегерилгендер ж.б.д.у.с. Номиналы өтө төмөн болушу мүмкүн, бирок алар жүз эсе кымбат сатылышат, мисалы, эки бриллиант менен кооздолгон “Ак илбирс” алтын монетасынын баасы 64 миң сомду түзөт. Ал эми анын номиналы – болгону 200 сом!

Баса, былтыр декабрда күмүштөн жасалган кезектеги коллекциялык монеталар чыгарылды, анда Кыргыз каганаты учурундагы аскердин сөлөкөтү жана бийлеп жаткан эки турна тартылган.

АНЫК СОМДУ АЛЫП КЕЛГЕН КУПОН-СОМДОРГО БИШКЕК ТОЛУП КЕТТИ

Тилекке каршы, эгер темир сомдор бышык болсо, кеңири колдонуудагы кагаз сомдорду элибиз такыр барктабайт. Ага телефон номурларын, ырларды жана толтура башка нерселерди жазышат, ал эми андагы портреттерге сакал-муруттарды, көз айнектерди, мүйүздөрдү тартышат.

Улуттук валютабыз – мамлекетибиздин жүзү да. Көп учурда коноктор өлкө тууралуу биринчи таасирди анын акчасын колуна кармаганда алышат. Өз акчасын алмаштырып жатып анын ордуна кир, айрылган, ар-түрдүү сүрөттөр тартылган акчаны ким гана алгысы келсин? Ошондуктан Кыргызстандын каржы уюмдарына, Финпол же салык кызматы сыяктуу көзөмөлдөөчү уюмдарга, балким кайдыгер эмес бейөкмөт уюмдарга жана да жарандык активисттерге ушул нерсеге көңүл бурушун сунуштайт элем. Алар ЖМК жана коомдук тармактар аркылуу эл арасында чейрек кылым мурда өлкөбүздүн көз карандылыкка жеткени менен дээрлик бир убакта жаралган улуттук валютабызга аяр мамиле кылуу тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсө болот эле.

Акыркы кезде бир жагымсыз нерсе көп кезиге турган болду: ар-түрдүү фирмалар, бутиктер, бизнес-ишканалар сомго окшош баракчаларга жарналамарын басып, тарката башташты. Кээде жасалма валюта чыныгы акчага өтө окшошуп кетет! Өзүм ушуга байланыштуу бир нече окуяга күбө болдум, айылдан келгендерге жарнама таркатуучулар көчөдө жарнама-акчаларды бергенде, аларга жөндөн-жөн эле 100, 500 ал эмес 1000 сомдук акчаларды бекер берип койгондоруна ишене албай таңгалып туруп калгандарын көрдүм. Мындайды биринчи жолу көргөн элеттиктер көптөн кийин гана өзүлөрүнө келишип, алыстагы туугандарына, тааныштарына көрсөтүш үчүн PR-банкноталарды этият бүктөп чөнтөктөрүнө салып коюшат эле...

Ушуну менен аяктап жатып, акчага этият мамиле кылууга чакырып, өткөн жылга караганда алар сиздерде бир топ көбүрөөк болушун каалап кетким келет!

Азиз Карашев

Фото WWW

Түп нускага шилтеме : nlkg.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...