Акыркы макалалар

Өзгөндө 13 адам тамактан ууланып, ооруканага түштү

Өзгөндө 13 адам тамактан ууланып, ооруканага түштү

Өзгөн райондук аймактык оорукананын жетекчисинин орун басары Нуржамал Арыкованын билдиришинче, 13-мартка караган түнү он киши ооруканага келип түшкөн. Алар тамактан ууланганы аныкталды.

Маалыматка ылайык, тамакка уулангандардын арасында беш, сегиз жана он үч жаштагы 3 бала бар. Мындан сырткары, үч киши тамактан ууланып, 13-март күнү эртең менен келишкен. Учурда алардын кандай тамактан ууланганы такталып жатат.

Өткөн айда Кара-Суу районунда тамакка ууланып, он эки киши ооруканага түшкөн. Көп өтпөй, эки наристе көз жумган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...