Акыркы макалалар

Мэр А.Кадырбаевдин жылдык отчётун депутаттар канааттандырарлык деп табышты

Мэр А.Кадырбаевдин жылдык отчётун депутаттар канааттандырарлык деп табышты

Бүгүн, 13-мартта Ош шаардык Кеңешинин кезектеги XII сессиясы өтүүдө,-деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаардык кеңештин депутаттары, вице-мэрлер, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана коомдук активисттер катышууда.

Сессиянын күн тартибине 2017-жылдын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча Ош шаарынын мэринин отчету каралды.

Анда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 2017-жылдын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча отчет берип, шаардык депутаттардын суроолоруна жооп берди. Жыйынтыгында шаардык кеңештин депутаттары мэрдин жылдык отчетун канааттандырарлык деп табышты.

Күндүн экинчи жарымында сессия уланып анда калган 10 маселе каралат.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...