Акыркы макалалар

Коопсуздук кеңеши укук коргоо орган жетекчилеринин мүлкүн текшерет

Коопсуздук кеңеши укук коргоо орган жетекчилеринин мүлкүн текшерет

Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы жыйынында коррупция менен күрөшүү боюнча бир катар чечимдер кабыл алынган

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевди кабыл алып, Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы чечимин ишке ашыруунун алкагында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча аткарылган иштер жөнүндө кабардар болду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Сагынбаев Коопсуздук кеңешинин чечими 45 иш-чараны камтыганын, алар учурда ишке ашырыла баштаганын белгиледи.

"Коопсуздук кеңешинин катчылыгына жана КР Башкы прокуратурасына 2016-2017-жылга карата токтотулган же жабылган кылмыш иштеринин тизмеси берилди. Материалдар Коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин бир айдын ичинде келип түшүп, 10-мартка чейин алар боюнча тиешелүү талдоо жүргүзүлдү. Бүгүн бул материалдардын баары президентке таанышуу үчүн берилди", — деп Коопсуздук кеңешинин катчысы билдирген.

Ошондой эле Коопсуздук кеңешинин катчылыгы Салык кызматы менен биргеликте мамлекеттик кызматкерлердин, анын ичинде укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарында иштегендердин декларациясын текшерүү механизмин караган токтомдун долбоорун иштеп чыкты. Ал жакын арада кабыл алынары күтүлүүдө.

"Укук коргоо органдарынын жетекчилеринин жеке иштери суралды, учурда алар текшерилип, декларацияланган мүлкү боюнча маалыматтын чындыгын текшерүү боюнча терең анализдөө иштери жүрүп жатат", — деди Сагынбаев.

Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчысына президенттин дарегине түшүп жаткан билдирүүлөр жана арыздарга өзгөчө көңүл буруп, аларга өз учурунда жооп берүүнү тапшырды.

Сагынбаев бардык мамлекеттик органдарда, анын ичинде Куралдуу күчтөр жана укук коргоо органдарында коррупцияны жоюу боюнча пландар кабыл алынып, ишке ашырыла баштагандыгын маалымдады.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...