Акыркы макалалар

Боом капчыгайында 12-16-март аралыгында таштарды кулатуу иштери жүрөт

Боом капчыгайында 12-16-март аралыгында таштарды кулатуу иштери жүрөт

Поезд жана унаа каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2018-жылдын 12-мартынан тартып, 16-мартка чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайындагы 108 чакырымында таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, таштарды кулатуу иштери автоунаа жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан, 2018-жылдын 12-мартынан тартып, 16-мартка чейин аталган багыт боюнча Ички иштер министрлигинин жол коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы тарабынан саат: 9-00 дөн 15-00 гө чейин унаа жолу маал-маалы менен жабылат.

Автоунаа жолунда 30-40 автоунаа чогулуп калса таштарды кулатуу иштер токтотулуп, алар өткөрүлүп турат.

Эске салсак, таштарды кулатуу иштери күндүзү күн ачык мезгилде гана жүргүзүлөт.

Ал эми «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы жүргүнчүлөргө келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн алдын-ала кечирим сурап, түшүнүү менен кабыл алуусун суранат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...