Акыркы макалалар

Дарыгер: Эмдөөдөн баш тартуу терс кесепеттерге алып келет

Дарыгер: Эмдөөдөн баш тартуу терс кесепеттерге алып келет

Кыргызстанда жылдан жылга балдарын эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелердин саны өсүп жатат. Алардын көпчүлүгү диний ишенимден улам ушундай кадамга барып жатышат.

Дарыгерлердин айтымында, энелер дарыгерлерге ишенбейт, ал эми айрым дарыгерлер эмдөөдөн баш тарткан ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө аракет кылышпайт. Ал эми Орусиядан келген мигранттардын балдары бейтаптар тобуна, анын ичинде жаш балдарга кызамык жугузушту. Анткени ал балдардын ата-энелери Орусияда кызамыкка каршы эмдетүүдөн баш тартышкан.

Ушундай кырдаалдан улам 12-мартта балдар дарыгери Нурмухамед Бабаджанов жана Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова эмдөөдөн баш тартуу кандай кесепеттерге алып келээрин, кырдаалды жөнгө салуу үчүн мамлекет тараптан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берет.

Эске салсак, эмдөөдөн баш тартуунун зыяны тууралуу маалымат жыйыны Бишкек шаарынын Эркиндик көчөсү, 46 дарегинде «Спутник» басма сөз борборунда өтөт.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...