Акыркы макалалар

Ошто биринчи жолу жарандарды китеп окууга үндөгөн иш-чара өтөт

Ошто биринчи жолу жарандарды китеп окууга үндөгөн иш-чара өтөт

Ошто биринчи жолу жарандарды китеп окууга үндөгөн эки күндүк иш-чара өтөт,-деп билдирет “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду.

Маалыматка ылайык, шаардык деңгээлде өтүүчү “Китеп camp” жарманкеси жарандарды китеп окууга үндөөгө багытталган иш-чара болуп саналат.

Иш-чаранын негизги максаты китептин кадырын жогорулатуу жана коомубуздун китеп сатып алуу маданиятын калыптандыруу.

“Бул күнү ар бир катышуучу кызыктуу жана пайдалуу китептер менен тааныша алат жана кызыктуу программага күбө болушат”,-деп билдиришти фонддон.

Андан тышкары, иш-чаранын алкагында белгилүү инсандар менен семинарлар, кызыктуу китептердин авторлору менен жолугушуулар болот.

Иш-чара 17-18-март күндөрү өтөт.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...