Акыркы макалалар

Бир тонна бешбармак жасоо үчүн беш эмес, сегиз жылкы союлмай болду

Бир тонна бешбармак жасоо үчүн беш эмес, сегиз жылкы союлмай болду

11-мартта Бишкектеги соода-борборлорунун биринде бир тонна бешбармак менен 100 метр чучук жасалып, Гиннес рекорддор китебине кирүү аракети болмокчу

Гиннес рекорддор китебине кирүү үчүн жасалып жаткан бир тонна бешбармак жана 100 кулач чучук жасоо үчүн мурда айтылгандай беш эмес, сегиз жылкы союлмай болгонун уюштуруучулардын бири Элнура Кулуева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Ал ошондой эле жасалган бир тонна бешбармак салына турган атайын табак дагы жасалып бүтүп калганын кошумчалады.

"Жасалган беш бармак келген конокторго таратылып, карылар менен жетим балдар үйлөрүнө берилет. Социалдык тармактын колдонуучулары "кайрымдуулук иштерине жумшасаңар жакшы болмок" дешкенинен ушундай аракеттерди көрүп жатабыз. Азыр кайрымдуулук фондуларынан ыктыярчылар иштеп жатат", — деди Кулуева.

Ал ошондой эле иш-чаранын алкагында кыргыздын калпагын ЮНЕСКОго киргизүү боюнча кол топтолорун белгиледи.

11-мартта Бишкектеги соода-борборлорунун биринде жасала турчу бир тонна бешбармак жана 100 кулач чучукка даярдык көрүү уланып жатат.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...